Лебединовская ГЭСтин реконструкция долбоорунун башкы подрядчысы аныкталды

«Чакан ГЭС» долбоорунун реконструкциясы үчүн башкы подрядчыны тандоо процессин аяктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги билдирди. Учурда конкурсунун акыркы этабы ачыкка чыгарылып, баалоо жүргүзүлүп, банкка макулдашуу үчүн жөнөтүлгөн. Тендерди уткан компания объектте негизги курулуш-монтаждык жана техникалык иштерди аткарат.

Реконструкция долбоору «Чакан ГЭС» үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Ал жабдууларды модернизациялоону, өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана станциянын эксплуатация мөөнөтүн узартууга багытталган. Иш-чаралардын комплекси гидротехникалык курулмаларды жаңылоону, генератордук жабдууларды капиталдык модернизациялоону, заманбап башкаруу жана автоматташтыруу системаларын киргизүүнү камтыйт. Бул иштер Лебединовская ГЭСтин натыйжалуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Реконструкциянын натыйжасында станциянын орнотулган кубаттуулугу 7,6 МВттан 10,0 МВтка чейин жогорулайт, электр энергиясынын өндүрүшү 37,2 млн. кВт.чдан 53,5 млн. кВт.чга чейин көбөйөт. Ошондой эле, гидроэлектростанциянын ишенимдүүлүгү жакшыртылат.

Эске салсак, 2022-жылдын 14-апрелинде Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги, Улуттук энергохолдинг жана «Чакан ГЭС» акционердик коомунун ортосунда алдын ала келишимге кол коюлган.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген