Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкектеги тигүү цехинд иштеген чет элдик жумушчулардын акы төлөмү кечиккендиги тууралуу маалыматтар тараган. Алардын видеобаяны социалдык тармактарда кеңири жайылган. Жумушчулар өздөрүнүн паспорттору алынганын жана жумуш берүүчү тарабынан туура эмес мамиле көргөндөрүн билдиришкен.
Бишкектин ички иштер башкармалыгы бул маселени териштирип, чет элдик жумушчуларга төлөмдөрүн берип, кырдаалды жөнгө салганын маалымдады. Алардын айтымында, бул факт Первомай районунун ички иштер бөлүмүндө катталып, териштирүү иштери башталган.
Териштирүү учурунда экстремизмге каршы күрөшүү жана мыйзамсыз миграция менен алектенген кызматкерлер бардык катышуучуларды аныктап, милиция бөлүмүнө алып келишкен. Жанаша сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында тараптар ортосунда түшүнүшүү болгон.
Учурда конфликт толугу менен чечилген. Териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча катышуучулардын аракеттерине юридикалык баа берилет. Чет элдик жарандарга байланыштуу бардык фактылар башкы башкармалыктын көзөмөлүндө экендиги белгиленди.