Торобаев: Айлын тургундардын бакубаттуулугу – өлкөнүн өнүгүүсүнүн ачкычы

Сокулук районунда 15-ноябрда заманбап айыл чарба техникаларын мамлекеттик племенной заводго өткөрүп берүү салтанаты өттү. Бул иш-чарада Кыргызстандын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев катышты. Министр айыл тургундарынын жашоо шарттарын жакшыртуу өлкөнүн негизги максаттарынын бири экенин белгиледи.

«Биздин калктын 60% айыл жергесинде жашайт. Аларга жер, суу, үрөн, кайра иштетүү жана вакцинация керек. Алар ар кандай маселелер менен бизге кайрылышат. Биз алардын суроолоруна чынчыл, адилеттүү жана жардам берүүгө даяр болуп жооп берүүгө милдеттүүбүз», – деди ал.

Бакыт Торобаев дехканчыларга жана жөнөкөй жарандарга колдоо көрсөтүүнү күчөтүүгө чакырды. «Ким келип, дехкан же жөнөкөй жаран болсо, аларды кабыл алыңыздар, угуп, туура жолго багыттаңыздар. Эгер каржылык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо, банктарга, долбоорлорго же агрохолдингдерге багыттай аласыз. Алардын маселелерин акыркы жыйынтыкка чейин жеткирүү маанилүү», – деп кошумчалады министр.

Ал ошондой эле жөнөкөй үй-бүлөлөрдүн бакубаттуулугу өлкөнүн экономикасына, билим берүү системасына жана маданиятына түздөн-түз таасир этерин белгиледи. Айыл чарба тармагындагы мындай жаңылыктар айыл тургундарынын жашоо деңгээлин көтөрүүгө жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө салым кошот.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген