Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкекте деструктивдүү күчтөрдүн мүчөсү кармалды. Ал массалык башаламандык уюштурууга чакырып, социалдык тармактарда жалган маалыматтарды таратып келген. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, акыркы убакта анонимдүү жана фейк аккаунттар аркылуу энергетикалык кризис жана чет өлкөлүк жарандардын өлкөдөгү абалы тууралуу жалган маалыматтардын көбөйүшү байкалууда.
Ошондуктан, комитет бул фактыларды аныктоо жана кылмыштуу аракеттерди токтотуу боюнча иш алып барууда. Мисалы, Instagram жана Threads социалдык тармактарында “predator4407” аттуу аккаунттун администратору, 1979-жылы туулган А.Д.С. аттуу жаран кармалган. Ал деструктивдүү күчтөрдүн лидерлери менен байланышта болуп, алардын көрсөтмөлөрүнө ылайык, массалык башаламандык уюштурууга чакырган постторду жана комментарийлерди активдүү жарыялап келген.
А.Д.С. ошондой эле Instagram жана Facebook социалдык тармактарында 20дан ашык фейк аккаунт түзүп, актуалдуу жаңылыктарга провокациялык комментарийлерди калтырган. Бул аракеттери аркылуу ал коомдо терс пикир жаратууга жана элдин бийликке болгон нааразычылыгын күчөтүүгө аракет кылган.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 327-беренеси (Күч менен бийликти басып алуу боюнча коомдук чакырыктар) боюнча кылмыш иши козголду. А.Д.С. учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоо жайында жатат. Деструктивдүү күчтөрдүн башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети анонимдүү жана фейк аккаунттар аркылуу жалган жана провокациялык маалыматтарды таратуунун, массалык башаламандык уюштурууга, бийликти күч менен басып алууга жана улуттар аралык, аймактар аралык жек көрүүчүлүктү козутууга чакыргандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экенин эскертет.