Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Кыргызстандын Чүй облустунан келген камералык оркестр Ташкентте өткөн II Эл аралык «Алтын күз» музыкалык фестивалында өлкөбүздү мыкты көрсөттү. Фестиваль 3-ноябрдан 10-ноябрга чейин өтүп, Кыргызстандын таланттуу музыканттарынын чыгармаларын таанытууга мүмкүнчүлүк берди.
Оркестр Узбекистан мамлекеттик консерваториясынын чоң залында жана Р. М. Глиэра атындагы музыкалык мектептин концерттик залында концерттик программа менен чыкты. Программада дүйнөлүк классикалык чыгармалар менен бирге кыргыз композиторлорунун, анын ичинде Муратбек Бегалиев, Калыя Молдобасанов, Сейдалы Медетов, Баласагын Мусаев жана Токтогул Сатылгановдун чыгармалары да орун алды.
Оркестр менен бирге Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын солисттери Аяна Бекенова жана Элгиз Бейшенбаев да сахнага чыгышты. Керим Тураповдун «Туулган жерди сагынуу» чыгармасы көрүүчүлөрдүн өзгөчө кызыгуусун жаратты.
Фестивалдын алкагында оркестр мастер-класстарды өткөрүп, Узбекистан мамлекеттик филормониясынын жетекчилиги менен эки өлкөнүн келечектеги музыкалык долбоорлорун талкуулады. Гала-концерт «Туркистон» искусство сарайында болуп, фестивалдын жыйынтыгын чыгарды. Бул иш-чара мамлекеттер ортосундагы чыгармачылык кызматташтыкты бекемдеген маанилүү кадам болду.