Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкек шаарында өткөн ЮНЕСКОнун 43- сессиясында Кыргыз Республикасынын демилгеси менен 22-сентябрды «Эл аралык кочмолор мурасы күнү» деп жарыялоо боюнча резолюция бир добуштан кабыл алынды. Бул демилгени илгерилетүүдө Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги, ЮНЕСКО боюнча Улуттук комиссиянын секретариаты жана маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги активдүү иш алып барышты.
Бул резолюция кочмолордун дүйнөлүк цивилизацияга кошкон уникалдуу салымын таанууга, мадалар аралык диалогду бекемдөөгө жана туруктуу өнүгүү идеяларын илгерилетүүгө багытталган. Кыргызстан, Дүйнөлүк кочмолор оюндарынын инициатору катары, кочмолордун маданий мурасын сактоо жана жайылтуу боюнча маанилүү иштерди улантууда.
Кочмолордун байыркы тарыхы жана уникалдуу маданияты, алардын жашоо образы жана салттары, турмуштук тажрыйбалары бүгүнкү күндө да актуалдуу. Кочмолор мурасы – бул адамзаттын маданий жана руханий байлыгы, аны сактоо жана өнүктүрүү ар бирибиздин милдетибиз. Кочмолордун жашоосу, алардын жаратылыш менен болгон байланышы, экологиялык туруктуулукка жана улуттук иденттүүлүккө чоң салым кошот.