Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Ош шаарында жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштеринен кийин Кокум-Бий көчөсү пайдаланууга берилди. Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, ачылыш аземине мэр Женишбек Токторабаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана жергиликтүү тургундар катышты.
Көчөнүн узундугу 3,5 чакырымдан ашат. Оңдоо иштеринин жүрүшүндө жаңы асфальт төшөлүп, мурдагы жаман абалдагы жолдун сапаты стандарттарга ылайык жаңыртылган. Мэриянын маалыматы боюнча, Кокум-Бий көчөсүн жаңыртуу Ош шаарындагы транспорттук инфраструктураны жакшыртуу жана шаарды көрктөндүрүү боюнча пландалган программалардын бир бөлүгү болуп саналат.
Жалпы жолдордун абалын жакшыртуу, шаардыктар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында мындан ары дагы көптөгөн иштер аткарылат. Ош шаарында инфраструктураны жакшыртуу иштери улантылууда, бул өз кезегинде шаардыктарга жакшы жашоо шарттарын камсыз кылат.