Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Кыргызстандын Улуттук банкы жарандарды “арзан кредиттер” алуу убадасы менен байланышкан алдамчылык схемасы тууралуу эскертти. Регулятордун маалыматы боюнча, белгисиз адамдар Telegram мессенджери аркылуу кредиттерди ыңгайлуу шарттарда алуу боюнча жардам сунушташууда. Алдамчылар өздөрүнүн ишенимдүүлүгүн көрсөтүү үчүн Улуттук банктын логотиби бар жасалма документтерди, анын ичинде НБКР тарабынан берилген деп эсептелген “лицензияларды” көрсөтүшөт. Андан кийин, алар ар кандай шылтоолор менен — камсыздандыруу, комиссия, арызды ырастоо жана башка — акча которууну талап кылышат.
Улуттук банк мындай аракеттердин алдамчылык экенин расмий түрдө билдирди. “Мындай билдирүүлөргө эч кандай ишенбеңиздер жана тааныш эмес адамдарга акча которбоңуздар. Эгер шектенүү болсо, маалыматты расмий булактардан текшериңиздер”, — деп айтылат регулятордун билдирүүсүндө. Ошондой эле, НБКР жеке адамдар менен түздөн-түз иштебестигин, эсептерди ачпастыгын жана калкка кредиттерди бербестигин эске салды.
Эгер сиз алдамчылар менен бетме-бет келген болсоңуз, төмөнкү аракеттерди жасаңыз:
– банк картаны дароо бөгөттөө;
– укук коргоо органдарына кайрылуу;
– Улуттук банктын коомдук кабылдамасы менен байланышуу: (312) 61-04-86 телефону аркылуу.