Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Кыргызстанда келечектеги айдоочуларды онлайн форматта окутуучу автошколаларды түзүү пландалууда. Бул тууралуу президенттин цифровизация боюнча орун басары Алмаз Раимбеков түз эфир учурунда билдирди.
Анын айтымында, жаңы окутуу форматы, класска барып окуу мүмкүнчүлүгү жок жарандарга, жол эрежелерин алыстан үйрөнүүгө шарт түзөт. “Бардыгыңызды тынчтандырып, эч кандай себептерге байланыштуу тынчсызданууга негиз жок экенин билдиргим келет. Эгер жарандар окууга келе албаса, же декретте болгон аялдар балдары менен онлайн окутууга катыша алышат. Биз бардык шарттарды түзөбүз. Бүгүнкү күндө бул өтө актуалдуу — чоң университеттер онлайн окутууга өтүп жатышат, жана анын натыйжасы да көбөйүүдө. Биз бул тууралуу практикалык тажрыйбада көрүп жатабыз”, — деди Раимбеков.
Ал ошондой эле келечектеги айдоочулар үчүн практикалык сабактардын программасы даярдалганын жана жакын арада коомчулукка сунушталарын кошумчалады. Онлайн окутуу форматы, айрыкча, пандемия учурунда өзүнүн актуалдуулугун көрсөттү. Эми мындай ыкмалардын кеңири таралышы, айдоочулук билим алууну жеңилдетет.