Кыргызстан менен Катар социалдык кызматтарды цифрлаштыруу боюнча тажрыйба алмашат

Бишкекте өткөн Экинчи Дүйнөлүк социалдык өнүгүү саммити учурунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Катар Мамлекетинин Социалдык өнүгүү жана үй-бүлө министрлигинин ортосунда эки тараптуу жолугушуу болду. Жолугушууда эки өлкөнүн социалдык-эмгек тармагындагы кызматташтыгы боюнча бир катар маселелер талкууланды.

Министр Канат Сагынбаев Катар тарапка жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан Катар менен гуманитардык жана социалдык кызматташтыкты бекемдөөгө чоң маани берерин белгиледи. Тараптар социалдык саясат, кызмат көрсөтүүлөрдүн санариптештирилиши, балдар менен үй-бүлөлөрдү колдоо, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо жана кесиптик даярдоо боюнча тажрыйба алмашуу үчүн чоң потенциал бар экенин белгилешти.

Ошондой эле, аялдар жана балдар үчүн социалдык коргоо, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү, жаштардын жумуш менен камсыз болушун кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Министр Сагынбаев эки ведомствонун ортосундагы институттук байланыштарды түзүү ниетин билдирип, Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Катар Мамлекетинин Социалдык өнүгүү жана үй-бүлө министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумун түзүүнү сунуштады.

Катар тараптын министри Бутайна бинт Али Аль Джабр Аль Нуайми, кызматташтыкты бекемдөө боюнча даярдыгын билдирип, жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жетишилген макулдашууларга ыраазычылык билдиришип, социалдык укуктарды коргоо жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген