Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкек шаарында Ленин районунун милиция кызматкерлери батир уурулугу боюнча шектүүнү кармашты. 28-октябрда, жергиликтүү тургун У.Н. милицияга кайрылып, Ак-Ордо конушундагы үйүнө белгисиз адамдын кирип, 110 миң сомдук акчасын уурдап кеткенин билдирген.
Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, милиция кызматкерлери шектүү А.Т. аттуу 1981-жылы туулган жаранды аныктап, кармашкан. Ал тергөө иштерин жүргүзүү үчүн тергөө кызматына жеткирилген. Ленин райондук соту шектүү үчүн электрондук байкоо чарасын колдонууга чечим чыгарган. Учурда тергөө иштери улантылууда.