Алай районунда фермерлер үчүн талаа семинары өткөрүлдү

Алай районунда фермерлер үчүн полевой семинар өттү. Бул семинар Кыргызстандын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин «3+2» жана «30+20+10» долбоорлорунун алкагында уюштурулду. Аграрийлер заманбап агротехнологиялар менен таанышып, буга чейин каралбай калган алма бактарын калыбына келтирүүнүн натыйжаларын көрүштү.

Бул долбоордун ишке ашуусу үчүн Райондук айыл чарба өнүктүрүү башкармалыгы, химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаменти, ошондой эле министрликтин башка бөлүмдөрүнүн адистери биргеликте иштешти. Семинарда түшүмдүүлүктү жогорулатуу, жерлерди рационалдуу пайдалануу, экспортко чыгуу жана “суроо-жооп” сессиялары сыяктуу актуалдуу маселелер талкууланды. Негизги максат – агрардык билимдерди жайылтуу жана инновацияларды жеринде киргизүү.

2025-жылы «3+2» жана «30+20+10» долбоорлору аркылуу өлкө боюнча рекорддук түшүмдөргө жетишилди. Мисалы, Жайыл районунда гектарынан 120 тонна помидор жыйналды, бул дүйнөлүк рекорд; Лейлек районунда гектарынан 113 тонна пияз, Манас районунда 120 тонна таттуу калемпир жана Кочкор районунда 30-35 тонна картоп жыйналды. Бул көрсөткүчтөр министрликтин ишке ашырып жаткан программаларынын натыйжалуулугун жана айыл чарбасын модернизациялоого, продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө болгон салымын көрсөтүп турат.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген