Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкекте ички иштер министрлигинде өткөн коллегия жыйынында 2025-жылдын 9 айындагы ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары каралды. Жыйында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кабыл алынган чаралардын натыйжасыздыгы, анын натыйжасында республика боюнча жол кырсыктарынын санынын өсүшү белгиленди. Ошондуктан, коллегиянын чечими менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Женишбек Джоробеков кызматынан бошотулду.
Мындан тышкары, ички иликтөө кызматынын жетекчиси Алмаз Осмонбеков да кызматынан бошотулуп, ички аудит кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Ички иштер министринин кеңешчиси Улан Бийбосунов да кызматынан бошотулуп, ички иликтөө кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.
Бул чечимдер ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, кызматтык тартипти бекемдөөгө жана жетекчилердин жеке жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган. Ошондой эле, кадрларды ротациялоо принциптерин ишке ашыруу максатында кабыл алынган.