Таласта фасоль жыйымы 71 миң тоннага жакын жетти

Талас облусунда быйыл фасоль түшүмү 70,8 миң тоннага жетти. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирүүдө. Фермерлерди колдоо жана фасоль бааларын туруктуу кармоо максатында өкмөт “Кыргыз Агрохолдинг” акционердик коомуна 100 миллион сом бөлүп, фасоль сатып алууга жардам берди. Сатып алуу баасы килограммына 95 сомду түздү, ал эми башка сатып алуучулар фасольди 92 сомдон алып жатышат.

Бул чара Талас облусундагы айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо, ички рынокто бааларды туруктуу кармоо жана агроөнөр жай секторунун туруктуу өнүгүүсүнө багытталган. 2023-жылы фасоль үчүн 53,6 миң гектар жерге себилген, жалпы түшүм 72,3 миң тоннага жеткен. 2024-жылы 53,2 миң гектарга себилип, түшүм 82,5 миң тонна болду. Орточо түшүмдүүлүк 18,4 центнерди түзгөн.

2025-жылы фасоль үчүн себилген аянт 55,8 миң гектарга жетип, жалпы түшүм 84,2 миң тоннага жеткен, ал эми орточо түшүмдүүлүк 15,7 центнерди түзгөн. Ошондой эле, айрым жеке адамдардын 100 миң тонна фасоль сатылбай калгандыгы жана килограммы 60 сомдон ашпаган баалар тууралуу билдирүүлөрү чындыкка туура келбейт. Учурда Талас облусунда фасоль төмөнкү бааларда сатылууда: “Скороспелка” сорту 155-160 сом, “Лопатка” сорту 95 сом, “Томат” сорту 92 сом.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген