Талас облусунда фасоль түшүмү 71 миң тоннага жакын жетти

Талас облусунда быйыл фасоль түшүмү 70,8 миң тоннага жетти. Бул маалымат Кыргызстандын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен алынды. Фермерлерди колдоо жана фасоль бааларын туруктуу кармап туруу максатында, өкмөт “Кыргыз Агрохолдинг” акционердик коомуна 100 миллион сом бөлүп, фасоль сатып алууга жардам берди. Бул сатып алуулар 1 килограмм фасоль үчүн 95 сомдон жүргүзүлдү, ал эми башка сатып алуучулар фасольди 92 сомдон кабыл алышууда.

Бул чара Талас облусунун айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жардам берүү, ички рынокто бааларды туруктуу кармоо жана агроөнөр жай секторунун туруктуу өнүгүшүнө багытталган. 2023-жылы фасоль үчүн 53,6 миң гектар жерге себүү жүргүзүлүп, жалпы түшүм 72,3 миң тоннага жеткен. 2024-жылы 53,2 миң гектар жерге фасоль себилип, түшүм 82,5 миң тоннага өскөн. Орточо түшүмдүүлүк 18,4 центнерди түзгөн.

2025-жылы фасоль үчүн 55,8 миң гектар жерге себүү жүргүзүлүп, жалпы түшүм 84,2 миң тоннага жетти. Бирок, айрым адамдардын 100 миң тоннага жакын фасоль сатыкка чыкпай калгандыгы жана 1 килограмм фасоль 60 сомдон ашпайт деген билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт. Талас облусундагы фасольдин учурдагы баалары төмөнкүдөй: “Скороспелка” сортунун баасы 155-160 сом, “Лопатка” сортунун баасы 95 сом, “Томат” сортунун баасы 92 сомду түзөт.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген