Президент Садыр Жапаров Египетке расмий сапар менен учуп кетти

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Египетке расмий сапар менен учуп чыкты. Бул сапар президент Абдель Фаттах Ас-Сиси тарабынан чакырылган. Кыргызстан үчүн бул сапар Африка континентине болгон алгачкы расмий сапар болуп саналат.

Эки күнгө созула турган визит учурунда Жапаров менен Ас-Сисинын жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрү пландалууда. Сүйлөшүүлөрдө эки өлкөнүн ортосундагы актуалдуу маселелер талкууланат, ошондой эле эл аралык жана региондук күн тартиби боюнча пикир алмашуу өткөрүлөт.

Расмий сапардын алкагында экономика, айыл чарба, инвестиция, энергетика, саламаттык сактоо жана башка багыттар боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылган. Бул келишимдер кыргыз-египет мамилелеринин мындан аркы өнүгүшүнө негиз түзөт.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген