Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Манас шаарында авто токтоочу жайлары жок коммерциялык объектилердин иши токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты. Шаардагы негизги көчөлөрдө жайгашкан кафе, ресторан, дүкөн, дарыкана, тамактануучу жайлар, чач тарачтар жана башка кызмат көрсөтүүчү мекемелердин иши убактылуу токтотулат.
Мэрдин орун басары Уларбек Исмаилов 3-ноябрда ишкерлер менен жолугуп, токтоочу жайларды уюштуруу боюнча талаптарды койду. Ал бул кадамдын шаардагы унаа тыгындарын алдын алуу жана жоюу максатында кабыл алынып жатканын белгиледи. Мындан тышкары, жакын арада негизги көчөлөрдү текшерүү иштери башталат. Бул чаралар шаардык инфраструктураны жакшыртууга жана жарандардын ыңгайлуулугун арттырууга багытталган.