Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкекте жана өлкөнүн башка аймактарында суук мезгилге даярдык күч алууда. Температуранын төмөндөшү менен биргеликте, жылуулук камсыздоо, элди арзандатылган баада көмүр менен камсыздоо жана унааларды суукка даярдоо маселелерине көңүл бурулууда.
«Кыргызкомур» мамлекеттик ишканасы көмүрдүн баасын туруктуу кармап, элди көмүр менен камсыздоо үчүн чараларды көрүүдө. 3-ноябрдан тарта Кара-Кече көмүр казуучу жайына жеке унаалардын жана компаниялардын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилген. Бул чара көмүрдүн запасын толуктоого, бааларды стабилдештирүүгө жана аз камсыздалган жарандар үчүн социалдык тарифтер боюнча көмүр менен камсыздоого багытталган.
Кара-Кечеде күн сайын 7-10 миң тоннага чейин көмүр казылып, Бишкек ТЭЦи жана башка социалдык объектилерге жеткирилүүдө. 2025-2026-жылдарга даярдык катары өлкө боюнча 118 отун базасы жана көмүр сатуу пункттары уюштурулган.
Бишкектеги көмүр сактоочу негизги даректери төмөнкүлөр:
– Кыргыз / Айланма жол, контур №902
– Мурманская, 1Б
– Сарыкулакова, 6Б
– Достоевского – Анкара, 97К
– Кара-Жыгач, «Оберон-Сары-Өзөн» көчөсүнүн кесилишинде
– Кок-Жар, Полевая көчөсү
– Ак-Жар, объездная жол, контур 1604
Ош облусунда көмүрдүн баасы тоннасына 6000 сомдон сатылууда. Чүй облусунда болсо, баалар 5500 сомдон 6300 сомго чейин өзгөрүп турат.
Мындан тышкары, МЧС унаа айдоочуларын коопсуздук эрежелерин сактоого чакырып, суук мезгилде жаздык шинадан кышкы шинага өтүүнү сунуштоодо. Автосервисдерде шина алмаштырууга болгон талап 30-40%ка көбөйгөн. МЧСтин сунуштарынын арасында узак сапарга чыкпас үчүн абдан зарыл болгон учурда гана чыгуу, дары-дармек, суу, тамак-аш, күрөк жана дөңгөлөктөргө чынжыр алып баруу сунушталууда.
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 4-5-ноябрда республика боюнча жамгыр жаап, карга айланат. Тоо-Ашуу, Ала-Бель жана Отмок ашууларында оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөөлөр сакталууда.