Кыргызстан менен Кытай ортосундагы аймактык өнөктөштүктү чыңдоо

Ош облусуна 3-ноябрда Кытайдын Ганьсу провинциясынан келген делегация жумушчу сапар менен келди. Делегацияны Ганьсу провинциясынын Элдик саясий кеңешинин орун басары Хо Вэйпин жетектеп барды. Ош облусундагы президенттин өкүлчүлүгүндө орун басар Илияз Ташбаев менен делегациянын өкүлдөрү ортосунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Ош облусу менен Ганьсу провинциясы ортосундагы кызматташууну чыңдоо, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү боюнча пландар талкууланды. Илияз Ташбаев 2013-жылдан бери эки региондун ортосундагы достук мамилелердин активдүү өнүгүп жатканын, билим берүү, саламаттык сактоо жана гуманитардык кызматташтык тармактарында көптөгөн долбоорлордун ишке ашырылганын белгиледи. Ал ошондой эле COVID-19 пандемиясы учурунда көрсөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн Ганьсу провинциясына ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, тараптар «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу долбоору, логистикалык борборлорду түзүү, айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы, туризм, билим берүү жана маданий алмашуу боюнча кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Ош облусунда Кытай капиталынын катышуусу менен иштеген ишканалардын ишмердүүлүгү жана жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү мүмкүнчүлүктөрү да каралды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тараптар соода, инвестициялар, туризм, айыл чарба жана билим берүү тармактарын камтыган кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн «жол картасын» иштеп чыгуу боюнча макулдашышты.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген