Кыргызстан Катарда билим берүү реформаларынын негизги багыттарын сунуштады

Кыргызстандын делегациясы 4-ноябрдан 6-ноябрга чейин Катарда өтүп жаткан дүйнөлүк социалдык өнүгүү саммитине катышууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Билим берүү министрлиги маалымдады. Саммиттин алкагында Кыргызстан “Адамдык капиталга инвестициялар: Кыргызстандын программалары жана мыкты тажрыйбалары” аттуу атайын сессию өткөрдү. Сессия ЮНИСЕФ жана Marshall Cavendish Education уюмдарынын колдоосу менен уюштурулган.

Сессияда Кыргызстандагы билим берүү реформаларынын негизги багыттары тууралуу маалымат берилди. Атап айтканда, адамдык капиталды өнүктүрүү, адилеттүү жана туруктуу билим берүү системасын түзүү, ошондой эле жаш муундарды заманбап талаптарга ылайык жашоого жана эмгекке даярдоо маселелери талкууланды. Кыргызстан билим берүү реформаларын, анын ичинде 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнү, STEM-лабораторияларын түзүүнү, кыздардын билим алууга тең укуктуу катышуусун камсыздоону, мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүнү, экологиялык маданиятты калыптандырууну жана профессионалдык-техникалык билим берүүнү жакшыртууну сунуштады.

Министрлик билдиргендей, эч бир өлкө билим берүү трансформациясын жалгыз өзү өтө албайт. Глобалдык чакырыктар жана климаттык коркунучтар шартында эл аралык кызматташтык жана өнөктөштүк маанилүү роль ойнойт. Билим берүү министри Догдуркул Кендирбаева “Билимге болгон инвестициялар – бул тынчтыкка, туруктуу коомго жана аң-сезимдүү жарандарына болгон инвестициялар” деп белгиледи. Билим берүү адамдын өзүн, башкаларды жана планетаны сыйлаган келечектин негизин түзөт.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген