Иссык-Куль районунда балыкты мыйзамсыз кармоо боюнча шектүүлөр кармалды

Иссык-Куль районунун ички иштер башкармалыгына 31-октябрда Ананьево айылына жакын жерде мыйзамсыз балык уулоо боюнча маалымат түшкөн. Мындан тышкары, мыйзам бузгандарда белгисиз үлгүдөгү эки ок атуучу курал бар экени белгилүү болду.

Текшерүү учурунда Ананьево айылында жашаган 1990-жылы туулган А.И. аттуу жарандан 87 балык жана эки ок атуучу курал табылып, ал алынган. Бул факт Иссык-Куль районунун ИИБинин бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 310-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдар аныкталды: А.И. (1990 ж.), Орто-Орукту айылынан А.З. (1991 ж.) жана Б.Ж. (1993 ж.). Шектүүлөрдүн жашаган жерлеринде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда А.И.дан 11 даана ок атуучу курал, ок-дары жана аларды даярдоого керек болгон жабдуулар алынган. А.З.дан резина бут кийимдери жана эки куткаруу жилети табылды.

А.И. жана А.З. шектүү катары суракка алынып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда Иссык-Куль региону боюнча Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык башкармалыгы тиешелүү экспертизаларды жүргүзүүдө. Тергөө иштери улантылууда.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген