Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Душанбе шаарында пандемияларды алдын алуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана экосистемаларды коргоо боюнча «Бирдиктүү саламаттык» программасынын алкагында регионалдык конференция жана координациялык кеңештин биринчи жыйыны өттү. Бул иш-чара Тажикстандын өкмөтү тарабынан уюштурулуп, Дүйнөлүк банк, Борбордук Азиянын Регионалдык экологиялык борбору жана бир нече эл аралык уюмдардын колдоосу менен өткөрүлдү.
«Бирдиктүү саламаттык» программасы саламаттыкты сактоо, айыл чарба, экология жана азык-түлүк коопсуздугу тармактарын бириктирип, трансчектик коркунучтарга эффективдүү жооп берүү жана туруктуу экосистемаларды өнүктүрүүгө багытталган. Кыргызстанды аталган иш-чарада экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев жана саламаттыкты сактоо министринин орун басары, башкы мамлекеттик санитардык врач Бубужан Арыкбаева өкүлчүлүк кылды.
Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар регионалдык кызматташтыктын приоритеттүү багыттарын талкуулашты. Алардын катарында антимикробдук туруктуулукка каршы күрөш, пандемияларга жана зооноздук ооруларга даярдыкты жогорулатуу, илимий маалыматтарды мониторингдөө жана алмашуу системаларын өнүктүрүү, ошондой эле «Бирдиктүү саламаттык» боюнча улуттук координациялык структураларды бекемдөө маселелери каралды.
Алмаз Мусаев Кыргызстан регионалдык кызматташтыкты колдой турганын жана «Бирдиктүү саламаттык» концепциясын ишке ашырууда активдүү катышууга даяр экенин билдирип, адамдардын, жаныбарлардын жана айлана-чөйрөнүн ден соолугун коргоо үчүн бардык тармактардын күчүн бириктирүү зарылдыгын белгиледи.