Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкек шаарында күз-кыш мезгилинде үйсүз адамдар үчүн убактылуу башпаанектер иштей баштады. Октябрь районунда, А. Токомбаева көчөсүндө жайгашкан башпаанек 80 адамга ылайыкталган. Бул жерде ремонт жасалып, керектүү буюмдар жана дары-дармектер сатып алынган. Ошондой эле, бир жолку ысык тамак берүү үчүн мамлекеттик сатып алуулар жүргүзүлдү. Отопление мезгили үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10 тонна уголь сатып алынды.
Биринчи май районунда “Коломто” муниципалдык мекеми 70 адамга ылайыкталып, күн сайын 70тен 100гө чейин үйсүз адамдарга бир жолку тамак жана түнөө кызматтарын көрсөтөт. Бул мекеме жергиликтүү бюджет тарабынан каржыланат. “Коломто” мекемесинин негизги функциялары төмөнкүлөрдү камтыйт: убактылуу түнөө, акысыз бир жолку тамак, медициналык текшерүү, санитардык жардам көрсөтүү жана башка процедуралар. Мекеме жыл сайын 2000ден ашык үйсүз адамга кызмат көрсөтөт.
Ленин районунда “Милосердие борбору” аялдар жана балдар үчүн башпаанек сунуштайт. Бул башпаанек 45 адамга ылайыкталган жана анда бир жолку ысык тамак, түнөө, медициналык жана социалдык-укуктук жардам көрсөтүлөт. Учурда борбордо 10 аял жана 12 бала бар. Башпаанектин дареги: Трудовая көчөсү, 10. Кошумча маалыматты 64-11-09 телефону аркылуу алсаңыз болот.
Убактылуу башпаанектерге үйсүз адамдар өз алдынча кайрыла алышат, же укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана тез жардам бригадалары тарабынан жеткирилиши мүмкүн. Эгер сиз жардамга муктаж адамдарды көргөн болсоңуз, 102 (полиция) же 103 (тез жардам) номерлерине чалсаңыз болот.