«Үч жылда 20дан ашык сериал: «Кыргызсериал» студиясынын жетишкендиктери»

Кыргызсериал мамлекеттик мекемесинин директору Амантур уулу Эрмек, акыркы жылдардагы ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери тууралуу маалымат берди. Бул мекеме Кыргыз Республикасынын президентинин “Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана мамлекеттик колдоо системасын жакшыртуу боюнча чаралар” буйругун ишке ашыруу үчүн негизделген. Учурда мекеме үч жылдык тарыхына ээ болуп, 20дан ашык ар кандай жанрдагы сериалдарды чыгарган. Алардын көпчүлүгү социалдык мааниге ээ долбоорлор болуп, мамлекеттик телеканалдарда жана жергиликтүү онлайн платформаларда ийгиликтүү көрсөтүлүүдө.

Эрмек мырза белгилегендей, “Чоочун киши”, “Тайган”, “Мурас” сыяктуу сериалдар онлайн платформаларда миллиондогон көрүүчүлөрдү жыйнаган. Учурда “Чоочун киши” сериалдын акыркы сезону, “Тайган” сериалдын экинчи сезону тартылып жатат. Көрүүчүлөрдүн реакциясы боюнча, премьераны чоң кызыгуу менен күтүп жатышат. Сериалдар жакында аяктап, жылдын аягына чейин премьералары өткөрүлөт. “Кыргызсериал” үч жылдын ичинде жакшы жетишкендиктерге жетип, белгиленген милдеттерди ийгиликтүү аткарууда.

Ошондой эле, Эрмек мырза “Кыргызсериал” бул жылы биринчи тарыхый сериал “Кара Кыргыз” менен көрүүчүлөргө чыгууга даярданып жатканын билдирди. Бул долбоор Кыргызстан мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышындагы негизги этаптарды жана ошол окуяларда маанилүү ролду ойногон көрүнүктүү инсандарды баяндайт. “Сериал көрүүчүлөрдү өлкөнүн тарыхы менен драматикалык жана кызыктуу окуялар аркылуу тааныштырат”, – деди ал.

Мындан тышкары, “Кыргызсериал” чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташуу боюнча да активдүү иш алып барууда. “Муз үстүндөгү гүлдөр” аттуу спорттук сериал өлкөдөн тышкары да көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурган. Ал Германиядагы 30-юбилейлик Schlingel балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалынын программасына кирген. Ошондой эле, бул долбоор Казакстандагы сериалдар фестивалында көрүүчүлөрдүн симпатиясы боюнча сыйлыкка ээ болду. Азыркы учурда Казакстан жана Россия менен сериалдарды илгерилетүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. “Биз башка өлкөлөр менен кызматташууну кеңейтүүнү пландап жатабыз”, – деп кошумчалады Эрмек мырза.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген