Стамбул, Абу-Даби жана Чикаго марафондарын жеңген кыргызстандык кыз менен интервью

57 жаштагы Жамиля Орозова — саламаттыкты сактоо жана активдүү жашоо образын карманган адам. Ал мектепте окуп жатканда эле чуркоо менен алектенип, акыркы беш жылда эл аралык марафондорго катышып, Кыргызстанды дүйнөгө таанытууда. Чуркоо — анын үчүн спорт эмес, жашоонун бир бөлүгү, ички тартип жана күчтүү эркинин символу.

Жамиля чуркоону тандоосунун себебин белгилеп, ден соолук, энергия жана жакшы физикалык формада болуу үчүн чуркоо керектигин айтты. Ал чуркоо аркылуу оорулардан алыс болууга мүмкүнчүлүк түзүп, COVID-19 пандемиясы учурунда да оорубаганын белгиледи. Жаз жана жай мезгилдеринде эки саат, кышында болсо бир саат чуркайт. Мектепте башталган чуркоо 2019 жылдан бери үзгүлтүксүз уланууда.

Ал эл аралык марафондорго катышып, сыйлык алган. Алгачкы жолу 2021-жылы Алматыда марафонго катышкан, андан кийин Түркия, Ысык-Көл, Бириккен Араб Эмирликтеринде жана жакында Чикагода чуркаган. 2023-жылы Стамбулдагы эл аралык марафондо үчүнчү орунду ээлеп, 42,2 км аралыкты 3 саат 56 мүнөт 5 секундда чуркап, 51-60 жаштагы аялдар арасында үчүнчү орунду алды.

Марафонго катышуу ден соолукту бекемдөөдөн тышкары, өзүн-өзү жеңүү, психологиялык жана эмоционалдык тоскоолдуктарды жеңүү мүмкүнчүлүгүн берет. Жамиля учурда спорт менен алектенген адамдардын саны көбөйгөнүн, адамдардын ден соолукка болгон кызыгуусу артканын белгиледи. Ал жаштарды физикалык активдүүлүккө чакырып, телефонго көп отурбастан, чуркоо, тоого чыгуу, велотурларга чыгуу жана сууда сүзүү сыяктуу спорт түрлөрүнө көңүл бурууга үндөдү.

57 жашында ден соолугун сактоо үчүн аракет кылуу керектигин, 50 жаштан кийин дары ичпөө үчүн кыймылдоо зарылдыгын айтты. Чуркоо кан айланууну жакшыртат жана ал жогорку же төмөнкү кан басымы тууралуу эч нерсе билбестигин белгиледи. Көпчүлүк аялдар 50 жаштан кийин үй-бүлө, жумуш же неберелер менен алек болуп, өзүнө көңүл бурбай калышат. Бирок, Жамиля чуркоо бардык курактагы адамдар үчүн жеткиликтүү экенин, “жашоого шарт жок” деген сөздөрдүн жөн гана шылтоо экенин айтты.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген