Кыргызстанда «акылдуу» жөө адамдардын өтмөгү иштелип чыкты

Бишкекте “Ди-Тек” жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан иштелип чыккан “акылдуу жөө өтүү” деген жаңы ойлоп табуу катталган. Бул система жөө адамдардын өтүшү учурунда айдоочуларды маалымдоого арналган. Ушул түзүлүш жөө өтүү зонасын жарыктандырууну, сенсордук кнопканы, үн сигналын жана убакытты эсептөөчү экранды камтыйт.

Иштин негизги жаңычылыгы, жөө өтүү жарыгы күнү-түнү көрүнүп турат. Бул үчүн жарык диоддуу жөө адамдардын белгилери, стробоскоптор, Гобо проектор жана түнкү убакта прожекторлор колдонулат. Мунун бардыгы айдоочулардын жөө адамдарга көңүл буруусун камсыз кылат.

Патентте аталган технология жол кырсыктарын алдын алууга жана жөө адамдардын өмүрүн сактоого багытталган. Визуалдык жана үн сигналдарынын бириктирилиши аркылуу жөө адамдардын коопсуздугу камсыздалат.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген