Кыргызстанда 182 машинно-трактордук станция түзүлдү

Кыргызстанда 182 машинно-трактордук станция (МТС) түзүлгөн. Анын ичинен 62 муниципалдык, 120 жеке менчик. 2024-жылга салыштырмалуу, быйылкы жылдын 10 айында 1 мамлекеттик, 2 муниципалдык жана 7 жеке станция ишке берилген. Бул көрсөткүч 16% га жогорулаганын көрсөтүүдө. Мындан тышкары, 65 жаңы жумуш орду түзүлгөн.

2025-жылдын 9-январында Чүй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе айылында «Кыргызмамасылтукумзавод» базасында мамлекеттик МТС ишке кирген. Бул станция айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө агротехникалык жана механизацияланган кызматтарды көрсөтөт. Ошондой эле Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айылында дагы бир мамлекеттик МТС ачуу пландалууда. Бул станция «Сельэнерго» ишканасынын базасында иштей баштайт.

Тендер аркылуу 50дөн ашык айыл чарба техникасы сатып алуу каралууда, анын 20дан көбү алынды. Станциянын толук кандуу иштеши үчүн ремонт жана инфраструктуралык иштер жүргүзүлөт. Жаңы мамлекеттик МТСтын ачылышы быйылкы жылдын 15-ноябрында пландалууда.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген