Бишкекте жол кырсыктарын алдын алуу үчүн автобусларга көзөмөл күчөтүлдү

Бишкекте жүргүнчү транспорттун жол кырсыктарын алдын алуу максатында рейд өткөрүлдү. Патруль милициясынан маалымдашкандай, муниципалдык транспорттук ишкананын автобустарынын техникалык абалы текшерилди. Рейддин жыйынтыгы боюнча, стандарттарга жооп бербеген автобустарды айдаган айдоочулар жана мындай транспортту маршрутка чыгарган жооптуу кызматкерлерге административдик протоколдор түзүлгөн.

Ошондой эле, айдоочулар менен жол кыймылынын эрежелерин так сактоо, унааларды үзгүлтүксүз техникалык тейлөө жана аварияларга алып келүүчү бузуулардын алдын алуу боюнча профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. УПСМ бул сыяктуу текшерүүлөрдүн системалуу түрдө өткөрүлүп турарын жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле коомдук транспорттун айдоочуларынын дисциплинасын жогорулатуу максатын белгиледи.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген