Бишкек мэриясы мектеп тамактануу эрежелерин катуу сактоону талап кылды

Бишкекте «Сейтек STEM» жеке мектебинде окуучулардын тамактануусунан улам болгон уулануу боюнча маалыматтар алынды. Мэриянын маалыматына ылайык, Гигиена жана эпидемиология борбору бардык зарыл чараларды көрдү. Бишкек мэринин орун басары Виктория Мозгачева мектептин директору менен жолугушуп, санитардык нормаларды бузуу жана бекитилген менюдан четтөө маселелерин талкуулады.

Мэрия ошондой эле шаардагы бардык билим берүү уюмдарына тамактануу уюштуруу боюнча талаптарды катуу сактоону тапшырды. Бекитилген менюдан бир дагы четтөө болбошу керек, анткени ал врачтар жана эпидемиологдор менен макулдашылган. Окуучулардын тамактануусунун сапаты жана коопсуздугуна көңүл бурууну, ошондой эле мүмкүн болгон бузулууларга ыкчам жооп берүүнү билим берүү мекемелеринин жетекчилерине сунуштады.

Мурда кабарлангандай, «Сейтек STEM» мектебинде 84 адам, анын ичинде окуучулар жана мугалимдер ууланууга кабылышкан. Учурда 10 бала жана 2 чоң киши ооруканага жаткырылган, калгандарына амбулатордук жардам көрсөтүлдү.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген