«Ала-Тоо Резорт» тоо кластеринин логотибин түзүү боюнча конкурс жарыяланды

Кыргызстандын президентинин иш башкармалыгына караштуу «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасы, «Ала-Тоо Резорт» аттуу мамлекеттик маанидеги төрт мезгилде иштөөчү тоо кластеринин расмий логотибин иштеп чыгуу үчүн ачык конкурс жарыялады. Конкурстун максаты – Кыргызстандагы табигый жана маданий байлыктарды, тоолордун рухун, Ысык-Көлдүн тазалыгын, туруктуу туризм концепциясын жана Кыргыз Республикасының улуттук символу болгон кар барысы менен чагылдырган заманбап, көркөм жана эсинде кала турган визуалдык символду түзүү.

Конкурска дизайнерлер, сүрөтчүлөр, архитекторлор, студенттер, профессионалдык дизайн студиялары жана Кыргызстандын чыгармачылык бирикмелери катыша алышат. Жеңүүчү иш расмий логотип болуп, долбоордун бардык визуалдык байланыш формаларында колдонулат. Жеңүүчү 50 миң сомдук акчалай сыйлыкка ээ болот жана автордун эмгеги расмий түрдө таанылат. Ошондой эле, жеңүүчү менен бренддин фирмалык стилдик китебин жана идентификациясын иштеп чыгуу боюнча келишим түзүлүшү мүмкүн.

Конкурстун жеңүүчү логотиби уюштуруучулардын менчиги болуп, ал кичине өзгөртүүлөргө дуушар болушу мүмкүн. Заявкаларды кабыл алуу 2025-жылдын 3-ноябрынан 17-ноябрына чейин жүргүзүлөт. Иштер Бишкек шаарындагы Логвиненко көчөсү, 55А дареги боюнча же alatooresort@gmail.com электрондук почтасына «Конкурска» деген белгиси менен жиберилиши керек. Ачык конкурстун бекитилген эрежелери жана расмий логотипти иштеп чыгууга техникалык тапшырма тууралуу маалыматтар мамлекеттик ишкананын расмий сайтынан табууга болот.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген