2026-жылдан баштап Кыргызстанда мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр алмаштырылат

Кыргызстанда 2026-жылдын январь айынан тарта бардык эски үлгүдөгү убактылуу эмес айдоочулук күбөлүктөр жаңы үлгүдөгү күбөлүктөргө алмаштырылат. Жаңы күбөлүктөрдүн мөөнөтү 10 жылды түзөт. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев маалымдады.

Туманбаевдин айтымында, учурдагы 10 жылдык айдоочулук күбөлүктөрү бар жарандар, алардын мөөнөтү аяктаганга чейин, ошол күбөлүктөрдү колдонууга укуктуу. Мындан тышкары, транспорт каражаттарынын техникалык паспортторун жаңы форматка өткөрүү пландалууда. Эски кагаз документтердин ордуна заманбап пластик карталар колдонууга киргизилет.

Бул өзгөртүүлөр айдоочулардын документтерин жаңыртуу жана транспорт системасын модернизациялоо максатында ишке ашырылууда. Жаңы форматтагы күбөлүктөр жана техникалык паспорттор жарандардын жашоосун жеңилдетип, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу кылууга жардам берет.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген