Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Кыргызстанда транспорт инфраструктурасын жакшыртуу жана борбордук магистралдардагы жүктөмдү азайтуу максатында ири жол объектилерин куруу жана реконструкциялоо иштери уланууда. Түндүк айланма жолу, Бишкек – Күнтуу – Шопоков жана Бишкек – Кант – Токмок трассаларына өзгөчө көңүл бурулууда. КР Транспорт жана байланыш министрлигинин маалыматы боюнча, бул долбоорлор Чүй облусунун бардык аймагына стратегиялык мааниге ээ.
Түндүк айланма жолу 33 чакырымды түзүп, борбордун батыш жана чыгыш бөлүктөрүн байланыштырган маанилүү трасса болуп саналат. Жолдун айрым бөлүктөрүндө асфальт төшөө иштери аякталды, жарык берүү жана суу агызуу системаларын орнотуу иштери жүрүүдө. Долбоор заманбап транспорттук айлампаларды курууну да камтыйт, бул борбордук көчөлөрдөгү транзиттик транспорттун жүктөмүн азайтууга жардам берет.
Түндүк айланма жолунун консультанттар тобунун жетекчиси Ташбек Жаналиевдин айтымында, бул жол «1В» категориясына кирет жана алты тилкеден турат. Жолдун боюна жарык берүү, жөө адамдар үчүн тротуарлар жана коопсуздук үчүн металл тосмолор орнотулат. Бул Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки эң ири долбоор болуп, мамлекеттик бюджеттен каржыланууда. Долбоордо 10 эки деңгээлдүү кесилиш куруу пландалууда, ал эми биринчи көпүрөнүн монтажы башталды. 2026-жылдын аягына чейин курулушту аяктоо пландалууда.
Бишкек – Күнтуу – Шопоков трассасы жүк ташуулар жана айыл чарба транспорту үчүн маанилүү. Учурда жолдун кеңейтүү, негизин бекемдөө жана жаңы асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Реконструкциядан кийин жол эки тилкеге бөлүнүп, өткөрүү жөндөмдүүлүгү жогорулайт.
Бишкек – Кант – Токмок трассасында да капиталдык ремонт жүргүзүлүүдө. Жолдун сапатын жакшыртуу үчүн заманбап дренаж жана жарык берүү системалары орнотулууда. Иштер график боюнча жүрүп, аба ырайы жакшы болсо, негизги этаптардын аякташы быйылкы жылдын аягына пландалууда.
Лебединовка-ГЭС 5 жолунда да курулуш иштери активдүү жүрүүдө. 4,4 чакырымга асфальт төшөлүп, убактылуу жол ачылды. Жолдун жалпы узундугу 5,1 чакырымды түзөт. Реконструкциянын алкагында жолдун категориясы эки тилкеден төрт тилкеге өзгөртүлөт.
Бул долбоорлор транспорт тармагын жакшыртууга, жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана региондордун экономикалык өнүгүүсүн стимулдаштырууга багытталган.