Берлинде Бекбалаевдин «Аттила» китебинин немис тилиндеги презентациясы өттү

Бишкек, 30-октябрь, 2025 /Кабар/. Германиядагы Кыргызстан элчилигинде профессор, филология илимынын доктору Амангельды Бекбалаевдин «Аттила» аттуу китебинин немис тилиндеги презентациясы өттү. Элчилик тарабынан берилген маалыматка ылайык, профессор Бекбалаев өзүнүн докладында гунндардын дүйнөлүк тарыхтагы маанисин жана кыргыз менен гунн тилдеринин окшоштугун баяндап берди.

Элчи Омурбек Текебаев өз сөзүндө 23-октябрда эл аралык карлыгачты коргоо күнү белгиленерин, бул күндүн Кыргызстан үчүн символдук мааниси бар экенин белгиледи. Германиянын Табиятты коргоо союзу (NABU) менен биргеликте Кыргызстанда табиятты коргоо жана карлыгачты сактоо боюнча иш-чаралар өткөрүлүп жатканын айтты.

Иш-чарага Ош облусунун Араван районунун акими Данияр Эркимбаев, китептин которуучусу Кристоф Вахсмут, дипломатиялык корпус өкүлдөрү, Германиянын Табиятты коргоо союзу (NABU), илимий жана чыгармачылык интеллигенция, ошондой эле журналисттер катышты.

Ошондой эле, 2025-жылдын 26-октябрында «Kino Krokodill» кинотеатрында профессор Бекбалаев немис окурмандары үчүн «Аттила» китебинин презентациясын өткөрдү. Рудольштадт жана Гёттинген шаарларында да ушундай иш-чаралар пландалууда.

Ключевые факты:
1. Кыргызстан элчилигинде «Аттила» китебинин презентациясы өттү.
2. Профессор Бекбалаев гунндардын тарыхтагы маанисин жана кыргыз-гунн тилдеринин окшоштугун баяндады.
3. Элчи Омурбек Текебаев карлыгачты коргоо күнү тууралуу маалымат берди.
4. Иш-чарага көптөгөн өкүлдөр катышты, анын ичинде дипломаттар жана илимпоздор.
5. Китептин презентациясы Германиянын башка шаарларында да өткөрүлөт.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген