Имущества Кулматова и иже с ними должны перейти в собственность государства
Камчыбек Ташиев: Накопилось много чего, о чем нужно заявить после священного поста
Жумалиев, Нышанов, Мадеминов – страдают синдромом устойчивого лизоблюдства?
Икрамжан Илмиянов, известный в народе как «шоопур» 6 лет крышевал свое детище – бизнес империю
Икрамжан Илмияновдун Нью-Йорктогу кымбат мектепте окуган кыздарынын сүрөттөрү жарыяланды - ФОТО
Гүлжан Шерипбаева, журналист: «Мен сага Айчүрөк Иманалиева эмесмин, менде мейманканада «ахалаган» видеотасмаң бар!»
Чайхана «Нават» – это совместный бизнес бывшей секретарши Атамбаева и его жены...
«НочЬка удалась!»: О богемной жизни Саадат Акаевой.
На самого близкого человека экс-президента Икрама Ильмиянова наденут наручники сразу после его возвращения из хаджа
Атамбаевдин доодон баш тартуусу айкөлдүк эмес, Атамбаев буга мажбур болду, аргасыздык...
КТРКнын директорунун орун басары Жылдыз Жумабекованын кысымы –журналист Чынара Токонованы инсультка жеткирди
Туйгунаалы Абдраимов: «Во власти Кыргызстана есть два шизофреника. Один из них - Алмазбек Атамбаев»
Темные деяния: Манас Арабаев отобрал у китайцев ресторан «Синхуа» ...
Издөө
Автордук макалалар
  •   Шайырбек Абдырахман: "Саясий куугунтук болуп жатат" -деп элге жар салаардан мурун "көчүк" жагыңарды бир кылчайып карап алсаңар боло!”
  •   Нургазы Мусаев: "ТЭЦ боюнча контрабандист, базарком, жарым криминал депутаттар түшүнбөй эле калчылдап жатышат"
  •   Бейшенбек Бекешов: «Аны Сапарчик, сары, бала, балашка деп теңсинбегендер бери эле дегенде абдан жаңылышат»
  •   Эльмира Мадиева, журналист: «Чоң атам эки жолу катуу жарадар болуп, үчүнчүсүндө сол колунан ажыраган экен»
  •   Эрнис Кыязов, атамбаевчил журналист Ложниковго жооп берди: “Интеллигенция неге унчукпайт ыя, Димике?..”
  •   Адилет Айтикеев: “Таластыктар четте калды дегенин окуп зээним кейиди, качан жердешчилдиктен көтөрүлөбүз туугандар?”
  • » » Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ, КР Президенти: «Элдин сотко болгон ишеними артып, сот системасы туруктуу өнүгүүнүн жолуна түшүүсү абзел» 

    Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ, КР Президенти: «Элдин сотко болгон ишеними артып, сот системасы туруктуу өнүгүүнүн жолуна түшүүсү абзел» 

    17 май 2018, 13:13    bishkek
    0 комментарий    69

    17-майда президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин биринчи жыйыны өтүүдө. Жыйындын башында сөз сүйлөгөн мамлекет башчысы соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу жана коррупцияга каршы күрөшүү - Кыргызстанда жасалчу иштердин эң артыкчылыктуу багыты экендигин баса белгиледи.
    Ал өз сөзүндө өлкөбүздүн жарандары менен болгон жолугушууларында жарандарыбыздын укуктарын бузган, коррупцияга белчесинен баткан, адилетсиз сотторго карата даттануулар көп айтылып атканына токтолду. Ошондой эле мамлекет башчысынын дарегине келген кайрылуулардын 70%ында да ушул эле сотторго тиешелүү көйгөйлүү маселелер жазылып атканын билдирди.
    «Сот органдарын реформалоо - азыркы мезгилде кыргыз мамлекетинин эӊ негизги проблемасы болуп калды. Акыркы жылдары көп иштер аткарылды. Мисалы, соттук-укуктук реформаны жөнгө салган негизги 17 кодекс жана бир нече мыйзамдар кабыл алынды. Сотторду тандоо боюнча кеңеши түзүлдү жана судьялык кадрлардын курамын жаңылоо жүрүп жатат.
    Бирок, реформанын темпи коомчулук күткөнгө караганда кыйла жай жүрүп, тилекке каршы, сот системасын реформалоо кечеӊдеп жатат. Калкыбыз таза, ачык-айкын жана көз карандысыз соттук системаны тезирээк орнотууну талап кылууда.
    Ошондуктан соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу жана коррупцияга каршы күрөшүү - Кыргызстанда жасалчу иштердин эӊ артыкчылыктуу багыты. Сот реформасын тездетүү – өлкөбүз үчүн абдан маанилүү, ошондуктан бүгүнкү кеӊеш реформаларга жаӊы импульс бериш керек», - деди президент.
    С. Жээнбеков жаңы кодекстер менен мыйзамдар 2019-жылы ишке киргизилиши керектигин, андыктан убакыт аз калганын жана жасала турган иштер көп, ал эми аткарылгандары аз болуп жаткандыктан, жумушту тездетүү зарылдыгын белгиледи.
    Соттук-укуктук реформаны жүзөгө ашыруу үчүн эң маанилүү деп эсептелген 8 маселе бар экенин белгилеген мамлекет башчысы, алардын ар бирине токтолду.

    Анын биринчиси, бардык күч-аракетти жумшап, кабыл алынган кодекстерди жана мыйзамдарды колдонууга киргизүү, мыйзамдардын жазык-укуктук блогуна өзгөчө көңүл буруу. Экинчиси, узак убакыттан бери чечилбей келаткан сот органдарын санарипке өткөрүү маселеси.
    «Судьялар кабыл алган жана коомчулукка таанышуу үчүн соттордун сайтына чыгарылуучу чечимдер жана өкүмдөрдүн баары эмес, тандалып гана санарипке өткөрүлүп жатат. Ал эми бардык чечимдерди жана өкүмдөрдү санарипке өткөрүү маселеси болсо азыркыга чейин ишке аша элек. Ошону менен катар соттук процессти аудио-видеого тартуу, соттук жыйналыштын электрондук протоколдорун киргизүү керек», - деди С. Жээнбеков.

    Үчүнчү маселе, мыйзамдарды өркүндөтүү жаатындагы өкмөттүн ишинин жай жүрүп жатканы экенин белгиледи. «Себеби кабыл алынган кодекстерден келип чыгуучу ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуунун ордуна, жаңы кабыл алынган кодекстерге алардын концепциясын бузган оңдоолорду киргизүү сунушталууда. Бул бардык институттардын алты жылдык ишинин жыйынтыгын жокко чыгарышы мүмкүн!», - деди бул багытта мамлекет башчысы. Ал бул багытта иш жүргүзүүдө кабыл алынган концепцияны сактап, аны ишке ашыруу өзгөчө маанилүү экендигине токтолду.
    Төртүнчү маселе – бул судьялык кадрлар боюнча болду. Буга чейин сот органдарынан жүрүш-турушу кынтыксыз эмес деген судьялардын көп бөлүгү кетип, жаңы тандоо жүргөндөн кийин деле судьяларга карата жарандардын даттануулары азайган эмес. Мындай даттануулар соттордун баардык деңгээлине тийиштүү.
    «Судьялык корпус үчүн кадрларды тандоодо эӊ негизги талап – бул абдан кылдат, сапаттуу, адилет тандоо болушу керек. Судьянын кызмат ордуна өмүр бою иштөө үчүн тандоо абдан күчтүү болуп, талапкердин кирешелери жана чыгашалары жөнүндө декларацияларын, ишинин сапатын, адеп-ахлактык абалын катуу текшерүү менен коштолушу керек. Анын негизинде кесипкөй, моралдык принциптери жогору болгон судьялык корпус түзүлүшү зарыл», - деди президент.
    Бешинчи маселе - бул соттук реформаны жүргүзүү үчүн бюджет маселеси экендигин белгиледи. Бул реформаны жүргүзүү үчүн негизги каржы булагы – бул республикалык бюджет болуп саналарын да кошумчалады.

    «Тиешелүү мамлекеттик органдардын бюджеттеринде кодекстерди колдонууга киргизүүгө зарыл болгон каражаттар камтылышы зарыл. Бюджет менен соттук-укуктук реформа бирдей пландалып, каражаттар натыйжалуу колдонулууга тийиш», - дейт Сооронбай Жээнбеков. Ошондой эле ал буга чейин сот реформасын даярдоого колдоо көрсөтүп келишкен донор уюмдарынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, алар мындан ары да ошондой колдоо көрсөтө тургандыктарына ишеним артаарын билдирди.
    Алтынчы маселе – райондор аралык соттордун функцияларын жергиликтүү сотторго өткөрүп берүүнү кароо экендигине токтолду мамлекет башчысы. Ал сот адилеттигине жетүү үчүн жарандарга баардык ыңгайлуу шарттарды түзүү зарылчылыгын белгиледи. Өз укуктарын коргош үчүн жарандар сот органы алыс жайгашкандыгына байланыштуу кошумча чыгымдарга учурабашы керек.
    «Азыр экономикалык жана административдик талаштарды чечүү функциясы райондор аралык сотторго берилген. Бул соттор облустук борборлорунда жайгашкан. Мисалы, коңшулаш жайгашкан жер участогун талашкан жарандар кыйла алыс жердеги райондор аралык сотторго барууга мажбур болууда.
    Алсак, мындай талаш Балыкчы шаарында болсо, бул талашты чечүү үчүн Каракол шаарына барууга туура келет, ага чейинки аралык 200 километрден ашат. Ушундай эле маселени Нарын облусунун Жумгал районунун тургундары да айтышкан. Алар облустук борборго барыш үчүн 2 ашуудан өтүп, 240 км жол жүрүшөт. Мындай талаштарды жеринде чечүү үчүн райондук соттордун судьялары жетиштүү билими жана квалификациясы болушу керек, себеби судьянын кызмат ордуна тандоодо бирдиктүү талаптар коюлат», - дейт мамлекет башчысы. Андыктан райондор аралык соттордун функцияларын жана штаттык бирдиктерин райондук сотторго өткөрүп берүү туура болорун белгилеп, муну сунуштай турганын да билдирди.
    Жетинчи маселе - мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазык ишин кыскартып, кылмышкерди жоопкерчиликтен куткаруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу - ойлоно турган маселе экендигин белгиледи.
    «Азыркы мыйзамдарга ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткенде, кылмыш жасаган адамдын күнөөсүн аныктабастан эле соттор жазык ишин токтотот. Анын айынан укук коргоо жана сот органдарынын кылмыштын бетин ачуу, күнөөлүү адамды издөө жана табуу боюнча бардык күч-аракети текке кетет. Күнөөлүү адамдын кылмышы аныкталбай эле, зыяндын ордун толтуруу маселеси чечилбей эле жазык иши соттук акты менен жокко чыгып калат. Бул маселе кыйла кылдат иштеп чыгууну талап кылат. Себеби кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кетсе да күнөөлүү адамдын аракеттерине юридикалык баа берилип, алардын күнөөсү аныкталышы керек жана зыяндын ордун толтуруу маселеси милдеттүү түрдө чечилүүгө тийиш», - деди президент.
    Сегизинчи маселе – сот-укуктук реформасын ишке ашыруу боюнча координациянын жоктугунда экендигин белгиледи С. Жээнбеков. Ал өкмөттүн координация кылуу иштери сапаттуу болбой, процесс системалуу жүрбөгөнүн белгиледи. Андыктан өкмөттүн бул багыттагы иштерин жаңы деңгээлге көтөрүү зарылчылыгы турганын кошумчалады.
    «Ушул учурдан баштап биздин Кеңеш соттук реформа боюнча лидерлик орунду ээлеген улуттук аянтча болуусу зарыл. Элдин сотко болгон ишеними артып, сот системасы туруктуу өнүгүүнүн жолуна түшүүсү абзел. Биз ушунун өтөөсүнө чыгышыбыз керек», - деди президент С. Жээнбеков. 
     


    скачать dle 12.0
    Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив