Имущества Кулматова и иже с ними должны перейти в собственность государства
Камчыбек Ташиев: Накопилось много чего, о чем нужно заявить после священного поста
Жумалиев, Нышанов, Мадеминов – страдают синдромом устойчивого лизоблюдства?
Икрамжан Илмиянов, известный в народе как «шоопур» 6 лет крышевал свое детище – бизнес империю
Икрамжан Илмияновдун Нью-Йорктогу кымбат мектепте окуган кыздарынын сүрөттөрү жарыяланды - ФОТО
Гүлжан Шерипбаева, журналист: «Мен сага Айчүрөк Иманалиева эмесмин, менде мейманканада «ахалаган» видеотасмаң бар!»
Чайхана «Нават» – это совместный бизнес бывшей секретарши Атамбаева и его жены...
«НочЬка удалась!»: О богемной жизни Саадат Акаевой.
На самого близкого человека экс-президента Икрама Ильмиянова наденут наручники сразу после его возвращения из хаджа
Атамбаевдин доодон баш тартуусу айкөлдүк эмес, Атамбаев буга мажбур болду, аргасыздык...
КТРКнын директорунун орун басары Жылдыз Жумабекованын кысымы –журналист Чынара Токонованы инсультка жеткирди
Туйгунаалы Абдраимов: «Во власти Кыргызстана есть два шизофреника. Один из них - Алмазбек Атамбаев»
Темные деяния: Манас Арабаев отобрал у китайцев ресторан «Синхуа» ...
Издөө
Автордук макалалар
  •   Шайырбек Абдырахман: "Саясий куугунтук болуп жатат" -деп элге жар салаардан мурун "көчүк" жагыңарды бир кылчайып карап алсаңар боло!”
  •   Нургазы Мусаев: "ТЭЦ боюнча контрабандист, базарком, жарым криминал депутаттар түшүнбөй эле калчылдап жатышат"
  •   Бейшенбек Бекешов: «Аны Сапарчик, сары, бала, балашка деп теңсинбегендер бери эле дегенде абдан жаңылышат»
  •   Эльмира Мадиева, журналист: «Чоң атам эки жолу катуу жарадар болуп, үчүнчүсүндө сол колунан ажыраган экен»
  •   Эрнис Кыязов, атамбаевчил журналист Ложниковго жооп берди: “Интеллигенция неге унчукпайт ыя, Димике?..”
  •   Адилет Айтикеев: “Таластыктар четте калды дегенин окуп зээним кейиди, качан жердешчилдиктен көтөрүлөбүз туугандар?”
  • » » Акыйкатчы Кубат Оторбаев президенттен Текебаевди бошотууну суранды

    Акыйкатчы Кубат Оторбаев президенттен Текебаевди бошотууну суранды

    04 май 2018, 09:11    bishkek
    0 комментарий    155
    Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев президент Сооронбай Жээнбековдон Конституциянын кабыл алынганынын 25 жылдыгына жана Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын кабыл алынганынын 70 жылдыгына карата Өмүрбек Текебаевге ырайым кылып, бошотууну суранды.

    Өз кайрылуусунда Оторбаев мамлекет башчыны Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштарынын депутаты, 2010-жылдагы Конституциянын авторлорунун бири, Кыргызстандын эгемен мамлекет катары калыптанышына зор салымын кошкон, "легендарлуу парламенттин" депутаты Өмүрбек Текебаевдин ишине көңүл бурууга чакырды.

    Акыйкатчы Текебаев өмүрүн авторитардык режимдер менен күрөшкө арнап, далай тайгак кечүү, тар жолдон Жээнбековдор менен бирге өткөнүн белгилеп, Кыргызстандын демократиялык ордун табууга эмгек-мээнети эбегейсиз экенине басым жасады. Кайрылууда “ошол экинин бири боло турган адам бүгүн Бишкектин Кокон хандыгындай шарты оор абагында баш кесер кылмышкердей темир тор артында армандуу күнүн кечирип жатканы акыйкатсыздык” катары бааланды.
    Акыйкатчы ошондой эле тергөөдө жана сотто Текебаевге коюлган айып так далилденбегенин, ошондон улам бул иш эл арасында “саясий буюртма”, “саясий оппонентти куугунтуктоо” катары сыпатталып жатканын айтат.
    Оторбаев ошондой эле Текебаевдин өмүрү жана коопсуздугу коркунучта турганын, айрым күчтөрдүн кол салуусу болуп кетиши ыктымал экенин да жокко чыгарбайт.

    Ушул жана башка жагдайларды эске алып Оторбаев президенттен Текебаевди абактан бошотуусун өтүндү.
    "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Мегаком" чырына байланыштуу коррупция боюнча айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга "орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылга эркинен ажыраткан. Өмүрбек Текебаев №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкада №27 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат.скачать dle 12.0
    Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив