Имущества Кулматова и иже с ними должны перейти в собственность государства
Камчыбек Ташиев: Накопилось много чего, о чем нужно заявить после священного поста
Жумалиев, Нышанов, Мадеминов – страдают синдромом устойчивого лизоблюдства?
Икрамжан Илмиянов, известный в народе как «шоопур» 6 лет крышевал свое детище – бизнес империю
Икрамжан Илмияновдун Нью-Йорктогу кымбат мектепте окуган кыздарынын сүрөттөрү жарыяланды - ФОТО
Гүлжан Шерипбаева, журналист: «Мен сага Айчүрөк Иманалиева эмесмин, менде мейманканада «ахалаган» видеотасмаң бар!»
Чайхана «Нават» – это совместный бизнес бывшей секретарши Атамбаева и его жены...
«НочЬка удалась!»: О богемной жизни Саадат Акаевой.
На самого близкого человека экс-президента Икрама Ильмиянова наденут наручники сразу после его возвращения из хаджа
Атамбаевдин доодон баш тартуусу айкөлдүк эмес, Атамбаев буга мажбур болду, аргасыздык...
КТРКнын директорунун орун басары Жылдыз Жумабекованын кысымы –журналист Чынара Токонованы инсультка жеткирди
Туйгунаалы Абдраимов: «Во власти Кыргызстана есть два шизофреника. Один из них - Алмазбек Атамбаев»
Темные деяния: Манас Арабаев отобрал у китайцев ресторан «Синхуа» ...
Издөө
Автордук макалалар
  •   Шайырбек Абдырахман: "Саясий куугунтук болуп жатат" -деп элге жар салаардан мурун "көчүк" жагыңарды бир кылчайып карап алсаңар боло!”
  •   Нургазы Мусаев: "ТЭЦ боюнча контрабандист, базарком, жарым криминал депутаттар түшүнбөй эле калчылдап жатышат"
  •   Бейшенбек Бекешов: «Аны Сапарчик, сары, бала, балашка деп теңсинбегендер бери эле дегенде абдан жаңылышат»
  •   Эльмира Мадиева, журналист: «Чоң атам эки жолу катуу жарадар болуп, үчүнчүсүндө сол колунан ажыраган экен»
  •   Эрнис Кыязов, атамбаевчил журналист Ложниковго жооп берди: “Интеллигенция неге унчукпайт ыя, Димике?..”
  •   Адилет Айтикеев: “Таластыктар четте калды дегенин окуп зээним кейиди, качан жердешчилдиктен көтөрүлөбүз туугандар?”
  • » » Сапар Исаков Кытайдын соода өкүлүн “тышкы саясат” деген шылтоо менен 18 жолу неге кабыл алган?  

    Сапар Исаков Кытайдын соода өкүлүн “тышкы саясат” деген шылтоо менен 18 жолу неге кабыл алган?  

    17 май 2018, 10:15    bishkek
    0 комментарий    208
    Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кланы акыркы 6 жылда Кыргызстанды болушунча тоноп, ал эмес сырттан келген карыздардын да тең жарымын сугунуп алганы күн өткөн сайын далилденүүдө.

    Жаш болсо да АШАга жол көрсөтүп, уурулуктун мыкты жолдорун сунуш кылган анын “оң колу” Сапар Исаков экени да тастыкталууда. Сапар мындай амалкөйлүктү кайдан жүрүп үйрөндү деп айрымдар баш катырып турганда, ал канкор Бакиевдин уулу Максим Бакиев чийген жол менен кеткени да ачыкка чыкты. Бишкек ТЭЦин оңдоо боюнча сүйлөшүүлөр Максимдин учурунда башталып, аны менен чогуу жүргөн Сапар Исаков ошол келишимди наркын көтөрүү менен ишке ашырганы калкып чыкты. Бул Жогорку Кеңештин 16-майында өткөн жыйынында да айтылды.
    Дал ошол жыйында парламент депутаты Каныбек Иманалиев дагы бир кызык жагдайды ачыкка чыгарды. Каныбек мырза, Исаков президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп турганда Кытайдын соода өкүлүн 18 жолу кабыл алганын, мындай байланыш ар кыл күмөн ойлорго түртөрүн айтып, депутаттык комиссиянын корутундусу боюнча парламент токтомуна Исаковдун жоопкерчилигин кароо маселесин киргизүүнү сунуш кылды. “Кандай чечим кабыл алышыбыз керек? Биринчиден, Сапар Исаковдун кылмышка шектүү экени өзүнчө белгиленип көрсөтүлүшү зарыл. Келишимге кол койгон Авазов менен Калиев жазаланды. Эмне үчүн негизги шектүү жазаланбайт? Экинчиден, бизде эл аралык келишимдер боюнча өкмөт гана демилге көтөрөт, ага өзгөртүү киргизүүгө депутаттардын укугу жок”, - дейт Иманалиев.
    Сапар Исаков болсо адатынча актанып мындай аракетин тышкы саясатка байланыштырды. Эгер ал чындап эле тышкы саясаттын бекем болушун каалаганда Кытайдын соода өкүлүн 18 жолу кабыл алгандын ордуна 1 млн. чамалуу мигранттарыбыз күн кечирип жаткан Россиянын өкүлдөрүн 50 жолу, АШАнын орунсуз сөздөрү үчүн чек араны жаап салган Казакстандын өкүлдөрүн 100 жолу кабыл алмак. Сапар мырза минтип актанып кете албайт. Анын соода өкүлү менен жолукканы түздөн-түз коммерциялык кызыкчылык менен байланыштуу. Андыктан тиешелүү органдар депутаттык комиссиянын жыйынтыгын күтпөй эле Сапар Исаковду токтоосуз камакка алып, анын үстүнөн тергөө иштерин башташы керек. Анткени, кылмыш иши үчүн мынчалык далил чанда кездешет.скачать dle 12.0
    Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив