Имущества Кулматова и иже с ними должны перейти в собственность государства
Камчыбек Ташиев: Накопилось много чего, о чем нужно заявить после священного поста
Жумалиев, Нышанов, Мадеминов – страдают синдромом устойчивого лизоблюдства?
Икрамжан Илмиянов, известный в народе как «шоопур» 6 лет крышевал свое детище – бизнес империю
Икрамжан Илмияновдун Нью-Йорктогу кымбат мектепте окуган кыздарынын сүрөттөрү жарыяланды - ФОТО
Гүлжан Шерипбаева, журналист: «Мен сага Айчүрөк Иманалиева эмесмин, менде мейманканада «ахалаган» видеотасмаң бар!»
Чайхана «Нават» – это совместный бизнес бывшей секретарши Атамбаева и его жены...
«НочЬка удалась!»: О богемной жизни Саадат Акаевой.
На самого близкого человека экс-президента Икрама Ильмиянова наденут наручники сразу после его возвращения из хаджа
Атамбаевдин доодон баш тартуусу айкөлдүк эмес, Атамбаев буга мажбур болду, аргасыздык...
КТРКнын директорунун орун басары Жылдыз Жумабекованын кысымы –журналист Чынара Токонованы инсультка жеткирди
Туйгунаалы Абдраимов: «Во власти Кыргызстана есть два шизофреника. Один из них - Алмазбек Атамбаев»
Темные деяния: Манас Арабаев отобрал у китайцев ресторан «Синхуа» ...
Издөө
Автордук макалалар
  •   Шайырбек Абдырахман: "Саясий куугунтук болуп жатат" -деп элге жар салаардан мурун "көчүк" жагыңарды бир кылчайып карап алсаңар боло!”
  •   Нургазы Мусаев: "ТЭЦ боюнча контрабандист, базарком, жарым криминал депутаттар түшүнбөй эле калчылдап жатышат"
  •   Бейшенбек Бекешов: «Аны Сапарчик, сары, бала, балашка деп теңсинбегендер бери эле дегенде абдан жаңылышат»
  •   Эльмира Мадиева, журналист: «Чоң атам эки жолу катуу жарадар болуп, үчүнчүсүндө сол колунан ажыраган экен»
  •   Эрнис Кыязов, атамбаевчил журналист Ложниковго жооп берди: “Интеллигенция неге унчукпайт ыя, Димике?..”
  •   Адилет Айтикеев: “Таластыктар четте калды дегенин окуп зээним кейиди, качан жердешчилдиктен көтөрүлөбүз туугандар?”
  • » » Нарында эл кытай ишканасына каршы чыкты

    Нарында эл кытай ишканасына каршы чыкты

    17 май 2018, 09:05    bishkek
    0 комментарий    107
    15-майда Нарын районундагы Эмгекчил айылында жүздөй киши чогулуп, Солтон-Сары жайлоосуна алтын кен комбинатын курууга каршы чыгышты.

    Чогулгандар менен Мамлекеттик геология агенттигинин, жергиликтүү бийликтин жана комбинат курууга лицензиясы бар кытайлык “Jhong ji Mining company” компаниясынын өкүлдөрү жолугушту.

    Жыйындын соңунда жергиликтүүлөр комбинаттын зыяндуулугун иликтеп чыгыш үчүн комиссия түзүштү.
    “Jhong ji Mining” компаниясы Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүш үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы алган жана анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат курулмак. Лицензия берилген аймакта 11 тоннага жакын алтын бар экени айтылууда.

    Чогулгандар "Солтон-Сары жайлоосуна алтын комбинаты курулбасын" деген талап коюшту. Алар эгер комбинат салына турган болсо андан чыккан саркынды суу жайлоонун суусуна кошулуп, аны мал менен кошо ошол жердеги малчылар кошо ичип, ден соолукка олуттуу зыян тийгизээрин айтышты. "Мындан сырткары комбинаттан чыккан калдыктарды сактоочу жай да адам өмүрүнө кооптуу", дейт Эмгекчил айылынын тургуну Разбек Түкүев:

    - Компания бизге башкы планын көрсөткөндө комбинат кырга курулат экен да, уу калдыктарын сактоочу жай сазга курулат экен. Биз ошого кабатыр болуп жатабыз. Мыйзам боюнча калдык сактагыч сайга курулса болобу?


    Чогулгандарга “Jhong ji Mining” компаниясы Эмгекчил айылына социалдык пакет катары 13 млн. сом берилээри айтылды. Мындан сырткары айылдагы суу каналдын курулушуна буга чейин беш млн. сом которулган экен. Бирок мындай жардамга эмгекчилдиктер макул болушкан жок.

    Нааразы тарапка жооп бериш үчүн өкмөттүн Нарындагы өкүлү, Нарын районунун акими, Мамлекеттик геология комитетинин адистери келди. Ал эми алтын комбинатын курчу “Jhong ji Mining” компаниясынын өкүлү Гүлмира Ибраимова "комбинат экологияга зыян келтирбейт, атайын иликтөө, экспертизалык иштер жүргүзүлгөн" деп ишендирди.
    Компаниянын жүргүзгөн алгачкы иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча алар иш жүргүзө турган 1500 гектар жерде 10 тонна 52 кг алтын бар. Комбинаттын курулушу болсо 2018-жылга пландалган. Ишкана жерди убактылуу пайдаланыш үчүн 2030-жылга чейин мамлекеттен уруксат алган. Ибраимова эми эл макулдугун берсе эле иш башталаарын айтты.

    Солтон-Сары жайлоосунда жайгашкан алтын кени Нарын районунун Эмгекчил жана Миң-Булак айылдарына карайт. Ал эми эмгекчилдиктердин ишке жарамдуу бөлүгүнүн басымдуусу бул аймактан алтын чайкап, оокат кылаары белгилүү. Жыйында "кенди башка өлкөнүн өкүлдөрү эмес, жергиликтүү ишкерлер, тургундар эле иштетсе" деген да сөз болду.скачать dle 12.0
    Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив