Имущества Кулматова и иже с ними должны перейти в собственность государства
Камчыбек Ташиев: Накопилось много чего, о чем нужно заявить после священного поста
Жумалиев, Нышанов, Мадеминов – страдают синдромом устойчивого лизоблюдства?
Икрамжан Илмиянов, известный в народе как «шоопур» 6 лет крышевал свое детище – бизнес империю
Икрамжан Илмияновдун Нью-Йорктогу кымбат мектепте окуган кыздарынын сүрөттөрү жарыяланды - ФОТО
Гүлжан Шерипбаева, журналист: «Мен сага Айчүрөк Иманалиева эмесмин, менде мейманканада «ахалаган» видеотасмаң бар!»
Чайхана «Нават» – это совместный бизнес бывшей секретарши Атамбаева и его жены...
«НочЬка удалась!»: О богемной жизни Саадат Акаевой.
На самого близкого человека экс-президента Икрама Ильмиянова наденут наручники сразу после его возвращения из хаджа
Атамбаевдин доодон баш тартуусу айкөлдүк эмес, Атамбаев буга мажбур болду, аргасыздык...
КТРКнын директорунун орун басары Жылдыз Жумабекованын кысымы –журналист Чынара Токонованы инсультка жеткирди
Туйгунаалы Абдраимов: «Во власти Кыргызстана есть два шизофреника. Один из них - Алмазбек Атамбаев»
Темные деяния: Манас Арабаев отобрал у китайцев ресторан «Синхуа» ...
Издөө
Автордук макалалар
  •   Шайырбек Абдырахман: "Саясий куугунтук болуп жатат" -деп элге жар салаардан мурун "көчүк" жагыңарды бир кылчайып карап алсаңар боло!”
  •   Нургазы Мусаев: "ТЭЦ боюнча контрабандист, базарком, жарым криминал депутаттар түшүнбөй эле калчылдап жатышат"
  •   Бейшенбек Бекешов: «Аны Сапарчик, сары, бала, балашка деп теңсинбегендер бери эле дегенде абдан жаңылышат»
  •   Эльмира Мадиева, журналист: «Чоң атам эки жолу катуу жарадар болуп, үчүнчүсүндө сол колунан ажыраган экен»
  •   Эрнис Кыязов, атамбаевчил журналист Ложниковго жооп берди: “Интеллигенция неге унчукпайт ыя, Димике?..”
  •   Адилет Айтикеев: “Таластыктар четте калды дегенин окуп зээним кейиди, качан жердешчилдиктен көтөрүлөбүз туугандар?”
  • » » Алмазбек Атамбаев резиденцияны паспорту жок кытай жумушчуларына тебелеткен

    Алмазбек Атамбаев резиденцияны паспорту жок кытай жумушчуларына тебелеткен

    15 май 2018, 10:06    bishkek
    0 комментарий    6 806
    Улуттук коопсуздук кызматынын, Мамлекеттик кайтаруу кызматынын, Президенттин жана өкмөттүн Иш башкармалыгынын уставдарында “Президенттик резиденция мамлекеттик маанидеги өзгөчө көзөмөлгө алына турган, кайтарууга алына турган обьект” деп жазылып турат. Демек, ал жер көздүн карегиндей сактала турган жер болуп саналат.Бирок, мына ошол президенттик резиденцияга экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин эле “хансарай” салдырып алганы белгилүү. 

    Муну ал 31-мартта өткөргөн маалымат жыйынында өзү да тастыктаган. “Бул үйдү мен досторумдун жардамы менен курдум, мамлекеттик бюджеттен бир тыйын да кеткен жок”, - деген эле ал.
    Өзү мамлекет башында турса, анан ага кайсы бир “достору” үй куруп берип атса, демек, ал пара болуп саналарын кыязы Атамбаев анда билбесе керек.

    Албетте, мындай “досторунан алган жардамдары” толтура. Алар тууралуу өзүнчө сөз кылууга болот. Бул ирет биз резиденцияга үй курдурганына гана токтололу.

    Ошол Атамбаевдин резиденциядагы “хансарайын” Кытайдын сайда саны жок (учету, паспорту жок дегенибиз) куруучулары күндөп-түндөп иштеп жүрүшүп бүтүрүшкөнү да белгилүү.

     Эми суроо туулат: Атамбаев неге өзгөчө кайтарууга алына турган кыргыздын жерине башка өлкөнүн документи жок (документи болсо деле киргизилбеши керек эле) куруучуларын кең-кесири киргизип, аларга үй курдурган? Мына ушундай ыйык жерибизди, өзгөчө кайтаруудагы төрүбүздү сайда саны жок чет өлкөлүк жумушчуларга тебелетип аткандан кийин Атамбаев үчүн мамлекеттин кадыр-баркы, аброю, коопсуздугу биринчи орунда эмес эле, өзүнүн комфорту, коопсуздугу өйдө турат турбайбы? Ал мамлекеттин имиджин да уруп ойнобой турганын көрсөтүп алган жокпу?
    Мисалы, эртеңки күнү ошол самсыган кытайлар: “Силердин президентиңердин резиденциядагы “хансарайын” биз курганбыз” деп төш кагып отурушса эмне кылабыз? Же болбосо, резиденциянын ичинде “бул жеринде тигиниси, башка жеринде мунусу бар” деп чоттоп алышкан болсо, ага ким жоопкерчилик тартат?

    Өөдүк-сөөдүк сүйлөгөнүнө маашырланып калуучу Атамбаев көрсө, өзүнүн жеке керт башынын камкордугу үчүн мамлекетибиздин төрүн да документи жок кытайларга тебелете бергенге даяр турбайбы?...
     
    Булак: NazarNews.kgскачать dle 12.0
    Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив