Икрамжан Илмияновдун Нью-Йорктогу кымбат мектепте окуган кыздарынын сүрөттөрү жарыяланды - ФОТО
Гүлжан Шерипбаева, журналист: «Мен сага Айчүрөк Иманалиева эмесмин, менде мейманканада «ахалаган» видеотасмаң бар!»
Чайхана «Нават» – это совместный бизнес бывшей секретарши Атамбаева и его жены...
«НочЬка удалась!»: О богемной жизни Саадат Акаевой.
На самого близкого человека экс-президента Икрама Ильмиянова наденут наручники сразу после его возвращения из хаджа
Атамбаевдин доодон баш тартуусу айкөлдүк эмес, Атамбаев буга мажбур болду, аргасыздык...
КТРКнын директорунун орун басары Жылдыз Жумабекованын кысымы –журналист Чынара Токонованы инсультка жеткирди
Туйгунаалы Абдраимов: «Во власти Кыргызстана есть два шизофреника. Один из них - Алмазбек Атамбаев»
Темные деяния: Манас Арабаев отобрал у китайцев ресторан «Синхуа» ...
Туйгунаалы Абдраимов: “Кыргызстандын бийлигинде эки шизофреник бар. Бири - Алмазбек Атамбаев»
Сооронбай Жээнбеков, КР президенти: “ЕАЭБ алкагында чечимдерди кабыл алуу тез, ийкемдүү жана мобилдүү болушу керек”
Максим Каганер и Алмаз Усенов, преследующие интересы Бакиева посредством ресурса Gezitter.org будут вести однобокую политику?
Оказывается, Салижана Шарипова, предал бывший президент
Издөө
Автордук макалалар
  •   Шайырбек Абдырахман: "Саясий куугунтук болуп жатат" -деп элге жар салаардан мурун "көчүк" жагыңарды бир кылчайып карап алсаңар боло!”
  •   Нургазы Мусаев: "ТЭЦ боюнча контрабандист, базарком, жарым криминал депутаттар түшүнбөй эле калчылдап жатышат"
  •   Бейшенбек Бекешов: «Аны Сапарчик, сары, бала, балашка деп теңсинбегендер бери эле дегенде абдан жаңылышат»
  •   Эльмира Мадиева, журналист: «Чоң атам эки жолу катуу жарадар болуп, үчүнчүсүндө сол колунан ажыраган экен»
  •   Эрнис Кыязов, атамбаевчил журналист Ложниковго жооп берди: “Интеллигенция неге унчукпайт ыя, Димике?..”
  •   Адилет Айтикеев: “Таластыктар четте калды дегенин окуп зээним кейиди, качан жердешчилдиктен көтөрүлөбүз туугандар?”
  • » » Унутулган суроо: Былтыр кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалдан миллиондогон сом зыян тарткан ишкерлерге өкмөт эмне кылды?

    Унутулган суроо: Былтыр кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалдан миллиондогон сом зыян тарткан ишкерлерге өкмөт эмне кылды?

    18 апр 2018, 11:35    bishkek
    0 комментарий    279
    17-апрелде парламенттеги үч оппозициялык фракция – «Өнүгүү-Прогресс», «Республика-Ата Журт» жана «Ата-Мекен» депутаттарынын алдында премьер-министр С. Исаков өкмөттүн 2017-жылга карата отчетун берди. Башында эле айтып коелу, бул фракциялар өкмөттүн ишине «2» деген баа беришти. Жыйында өкмөт башчыны жарга такаган өтө курч суроолор берилди. Бишкек ТЭЦи, «Кумтөр», «Акылдуу шаар», Тогуз-Тородогу окуя сыяктуу маселелер Сапар мырзаны жакшы эле алдастатты. Бирок, эмнегедир депутаттар тарабынан өтө кызык бир суроо жолдонбой калды. Же муну депутаттар унутуп калышты окшойт. Өткөн жылы президенттик шайлоонун алдында, ал кездеги мамлекет башчысы А. Атамбаевдин Казакстандын президенти Н. Назарбаевдин дарегине карата айтылган ээнооздугунан улам кыргыз-казак чек аралары жабылып калган болчу. Натыйжада дээрлик бир ай бою чек ара ачылбай, далай ишкерлер миллиондогон зыян тартышты. Карапайым калк кыйналды.
    Ошол мезгилде С. Исаков чет өлкөгө жасаган сапарларынын биринде казак лидери Н. Назарбаев менен катар баса коюп, кыргыз-казак чек арасы тууралуу жөн эле ооз учунан сүйлөшүп койгонун расмий сүйлөшүү жасагандай түр менен пиар кылып жиберген. «Премьер-министр С. Исаков Казакстандын президенти Н. Назарбаев менен кыргыз-казак чек арасы боюнча сүйлөштү. Жакында ал чек ара ачылат», - деген маалыматты анын маалымат кызматы жарыялап жиберген. Бирок, расмий Астана бул маалыматты жалганга чыгарган.
    Андан бир топ убакыт өткөндөн кийин гана президент Сооронбай Жээнбеков адегенде Минскиде Назарбаев менен жолугуп, чек ара маселеси тууралуу кеп козгоп, андан кийин Астанага жасаган сапары аркылуу бул маселени толук чечип келген.
    Демек, С. Исаков жалган маалымат берип алганы үчүн да эч кимден кечирим сураган жок. Дагы бир кызык жагдай, ошол чек ара жабылып турган учурда бир топ ишкерлер миллиондогон зыяндарды тартышты. Аларга карата өкмөт тарабынан кандайдыр бир деңгээлде компенсация да жасалбаптыр. Ошондо С. Исаков кантип ишкерликти өнүктүрүү тууралуу кеп кыла алат? Ишкерлерге шарт түзө албаса же түзүлбөгөн шарттан улам пайда болгон зыяндарды компенсация кыла албаса, анда ишкерлерди колдоо боюнча анын кеп кылганга акысы барбы? Мына ушул суроону да депутаттар бериши керек эле. Балким, кийинки жыйындарда эл өкүлдөрү ушул суроого да кызыгып көрүшөөр.скачать dle 12.0
    Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив