Икрамжан Илмияновдун Нью-Йорктогу кымбат мектепте окуган кыздарынын сүрөттөрү жарыяланды - ФОТО
Гүлжан Шерипбаева, журналист: «Мен сага Айчүрөк Иманалиева эмесмин, менде мейманканада «ахалаган» видеотасмаң бар!»
Чайхана «Нават» – это совместный бизнес бывшей секретарши Атамбаева и его жены...
«НочЬка удалась!»: О богемной жизни Саадат Акаевой.
На самого близкого человека экс-президента Икрама Ильмиянова наденут наручники сразу после его возвращения из хаджа
Атамбаевдин доодон баш тартуусу айкөлдүк эмес, Атамбаев буга мажбур болду, аргасыздык...
КТРКнын директорунун орун басары Жылдыз Жумабекованын кысымы –журналист Чынара Токонованы инсультка жеткирди
Туйгунаалы Абдраимов: «Во власти Кыргызстана есть два шизофреника. Один из них - Алмазбек Атамбаев»
Темные деяния: Манас Арабаев отобрал у китайцев ресторан «Синхуа» ...
Туйгунаалы Абдраимов: “Кыргызстандын бийлигинде эки шизофреник бар. Бири - Алмазбек Атамбаев»
Сооронбай Жээнбеков, КР президенти: “ЕАЭБ алкагында чечимдерди кабыл алуу тез, ийкемдүү жана мобилдүү болушу керек”
Максим Каганер и Алмаз Усенов, преследующие интересы Бакиева посредством ресурса Gezitter.org будут вести однобокую политику?
Оказывается, Салижана Шарипова, предал бывший президент
Издөө
Автордук макалалар
  •   Шайырбек Абдырахман: "Саясий куугунтук болуп жатат" -деп элге жар салаардан мурун "көчүк" жагыңарды бир кылчайып карап алсаңар боло!”
  •   Нургазы Мусаев: "ТЭЦ боюнча контрабандист, базарком, жарым криминал депутаттар түшүнбөй эле калчылдап жатышат"
  •   Бейшенбек Бекешов: «Аны Сапарчик, сары, бала, балашка деп теңсинбегендер бери эле дегенде абдан жаңылышат»
  •   Эльмира Мадиева, журналист: «Чоң атам эки жолу катуу жарадар болуп, үчүнчүсүндө сол колунан ажыраган экен»
  •   Эрнис Кыязов, атамбаевчил журналист Ложниковго жооп берди: “Интеллигенция неге унчукпайт ыя, Димике?..”
  •   Адилет Айтикеев: “Таластыктар четте калды дегенин окуп зээним кейиди, качан жердешчилдиктен көтөрүлөбүз туугандар?”
  • » » Кызмат берилбегенине ичи ачышкан Ташиевдин “таскагы”...

    Кызмат берилбегенине ичи ачышкан Ташиевдин “таскагы”...

    25 апр 2018, 14:20    bishkek
    0 комментарий    88
    Бир убакта Ак үйдөгү жумушуна темир тосмону ашып баргысы келгени үчүн «Чыңгызхандын шакирти» атыккан Камчыбек Ташиев агабыз бир топ оңолуп, акыл-эсине толуп калгандай сезилген эле. Көрсө, анын баары убактылуу гана көрүнүш тура.

    Ал өткөн жылы президенттик шайлоонун алдында Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоп, “Мага кызмат керек эмес, жөн гана сиздин талапкерлигиңизди колдойм” деп чуркап жүргөнүн көргөнбүз. Ошондо коомчулукта “Ташиев эми эсине келип, мурдагы катачылыктарын кайталабаганга бышып жетилип калган экен” деген пикир жаралгандай болгон. Бирок, ал шайлоодо “жөн гана” эмес, эптеп кызмат алуу үчүн гана чуркаганын минтип көп өтпөй билгизип баштады.

    Мисалы, К. Ташиевге тиешелүү кыргыз тилиндеги бир басылма “Жээнбековду эмитеден эле “кидальщик” атай башташты...” деген темада макала жарыялады. Ал макаланын башында С. Жээнбековду кошоматчылар бир ооздон ““Өз алдынча чечим кабыл ала албайт, чечкинсиз дедиңер эле, эми экс-президенттен бат эле кол үзүп, өз алдынча саясат жүргүзө баштады”, “Дымагы бар экен”, “у-у дагы көрөсүңөр, каракулжалыктар кыйын, булар бийликти колго алгандан кийин оңою менен чыгарбайт”, “коррупциянын атасын таанытып, киргизчү жерине тыгып жиберет” деген сыяктуу дифирамбаларды чертүүдө”, - деп жазат. Анан ага улай эле “3%дан ашпаган “досун” сүйрөп, президенттикке алып келген экс-президентти минтип аз убакыт ичинде “кидать” эткени кайсыл адамгерчиликке сыят?” деген суроону коет.

    Мына ушундай суроо менен эле макаланын автору “Президент деген мамлекеттин кызыкчылыгын эмес, аны бийликке алып келген досунун кызыкчылыгын көздөшү керек эле” дегендей логиканы таңуулайт. Биз буга мындай жооп кылгыбыз келет. Албетте, экс-президент А. Атамбаевдин президент С. Жээнбековдун шайлоодо жеңишке жетишине салымы бар. Муну мамлекет башчысы өзү да билдирген. Азыркы күнгө чейин С. Жээнбеков экс-президенттин дарегине катуу сөз айта элек. Тескерисинче экс-президент А. Атамбаев өзү биринчи болуп президент С. Жээнбековдун дарегине орунсуз сын айтып алды. Анан дагы А. Атамбаевдин убагында укук коргоо, көзөмөл, сот органдарында коррупция күчөп кеткени билинди. Андан сырткары бир топ долбоорлордон коррупциялык схемалар ачыкка чыгууда.

    Мына ушундай кырдаалда президент кимдин кызыкчылыгын көздөшү керек эле? Мамлекеттинби же экс-президент досунунбу? Эл шайлаган президент ар дайым элдин гана кызыкчылыгында иш алып барууга тийиш.

    Макалада президентке сын катары экинчи жүйөөсүндө мындай дейт: “Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшү өзү теледебатта убада берген 36 коррупционерден башталышы керек эле го? Антпей эле ал күрөшү кокусунан жолдон чыга калган коендорду атып кете берген мергенчинин образын жаратууда. Камалгандарды карасаң, 90%ы кечээ кышында Бишкек ТЭЦине байланыштуу чатактын арты менен темир торду көрүштү. ТЭЦте авария болбогондо кимди камайт эле?”. Биринчиден, ошол теледебатта С. Жээнбеков 36 коррупционердин атын атаган эмес. Экинчиден, Бишкек ТЭЦиндеги коррупциялык схема учурда коомчулуктун көңүлүн өтө көп бурууда. Бир кычкачтын баасы 650 долларды чапчыган коррупцияга көңүл бурбай коюуга мүмкүн эмес. Эгерде бул кыңыр иш ачык эле көрүнүп турса да, ага карата көз жумду мамиле жасалганда да сындап чыккандар четинен чыкмак. Андыктан сын айтаардан мурун терең талдоо керек. Үчүнчүдөн, президенттин ишке киришкенине 5 ай гана убакыт болду. Ошол 5 айдын ичинде эле 36 коррупционерди камап жиберүүгө мүмкүн эмес экенин Ташиевдин журналисти билиши керек эле.

    Үчүнчү жүйөөсү кыскача айтканда мындай экен: «Эмнеге Сапар Исаковду камабайт, анын артынан чоң чуулар чыкпады беле? Анан анын ордуна келген министрлердин 90%ы эле мурункулар экени элди иренжитти», - деген. Биринчиден, кимдир-бирөөнү камоо президенттин иши эмес. Эгерде С. Исаковдун кыңыр иштери бар болсо, анда ага тиешелүү укук коргоо органдары сөзсүз кайрылат. Ал эми жаңы түзүлгөн өкмөттүн 90%ы мурункулар эле экен дегенге ишенүүгө болбойт. Бир топ жаңы кадрлар кошулду. Макаланын автору эгерде ушул өкмөттүн курамына К. Ташиев да кирип калганда, анда таптакыр башкача нукта сайрап турмак экенине бөркүңүздөй ишене бериңиз.

    Эми төртүнчү жүйөөсүнө токтололу: “Президент Жээнбековдо мыкты, мамлекетти көтөрө турган команда түзүү мүмкүнчүлүгү бар болчу. Алар кимдер? Президентти шайлоодо кимдер колдоп, акча же кызмат үчүн эмес, адамдык сапатын айтып арбын добуш топтоп берген? Аларсыз Жээнбеков бул жерде отурмак эмес, ачык айталы (Бабанов келип, абал башкача нукта өнүгөт эле). Мына ошол мыкты саясатчыларды, эл уулдарын да убагында кызматынан куп гана пайдаланып, марага жеткенден кийин унутуп, таштап кетти, кыскасы “кидала” болушту”. “Иттин өлүгү” дал ушул жерде катылган. Муну менен автор “К. Ташиев шайлоодо президентке катуу иштеп берди эле, бирок аны кызматка алып барбай койду да” деген ич күптүлүктү билдирип атканын кантип түшүнбөй калалы? Бирок, К. Ташиев эгерде “акча үчүн же кызмат үчүн эмес” иштеп берген болсо, анда неге азыр кызматка алып барбай атат да деген таарынычын билдирип атат?

    Эми бешинчи жүйөөсүн угалы: “Акыркы кездерде мамлекеттик иштерге иниси Асылбек Жээнбеков кийлигишип, экинчи Жаныш Бакиев болгусу келип жатканын көп булактардан угуп жатабыз. Бул эл кечирбей турган коңгуроо. Кезектеги үй-бүлөлүк башкарууну эл көпкө чыдап, көтөрбөйт...”, - деп жазылат анда. Мунусу менен К. Ташиев эми АШАга куйругун шыйпаңдатып жаткан сыяктуу. ЖК депутаты А. Жээнбеков президенттин ишине эч кандай кийлигишпегенин коомчулук өзү көрүп турат. Ал өзүнүн эл өкүлү катары гана милдетин так аткарууда. Агасы президент болуп келгенден кийин кандайдыр бир жаңы чоң кызматка барган жок. Кимдир-бирөөнүн мүлкүн тартып алган жок. Эч кимге куугунтук жасаган жок. Анан кайдагы үй-бүлөлүк башкаруу тууралуу кеп кылууга болот?

    Мына ушундан улам Камчыкеге акыл кирип калган экен десе, орустар айтмакчы “каким был, таким и остался” дегендей эле кейпинде турбайбы деп калдык. “Бүкүрдү көр гана түздөйт” деген кептин чындыгы бар турбайбы.

    "Телегра"

     скачать dle 12.0
    Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив