Икрамжан Илмияновдун Нью-Йорктогу кымбат мектепте окуган кыздарынын сүрөттөрү жарыяланды - ФОТО
Гүлжан Шерипбаева, журналист: «Мен сага Айчүрөк Иманалиева эмесмин, менде мейманканада «ахалаган» видеотасмаң бар!»
Чайхана «Нават» – это совместный бизнес бывшей секретарши Атамбаева и его жены...
«НочЬка удалась!»: О богемной жизни Саадат Акаевой.
На самого близкого человека экс-президента Икрама Ильмиянова наденут наручники сразу после его возвращения из хаджа
Атамбаевдин доодон баш тартуусу айкөлдүк эмес, Атамбаев буга мажбур болду, аргасыздык...
КТРКнын директорунун орун басары Жылдыз Жумабекованын кысымы –журналист Чынара Токонованы инсультка жеткирди
Туйгунаалы Абдраимов: «Во власти Кыргызстана есть два шизофреника. Один из них - Алмазбек Атамбаев»
Темные деяния: Манас Арабаев отобрал у китайцев ресторан «Синхуа» ...
Туйгунаалы Абдраимов: “Кыргызстандын бийлигинде эки шизофреник бар. Бири - Алмазбек Атамбаев»
Сооронбай Жээнбеков, КР президенти: “ЕАЭБ алкагында чечимдерди кабыл алуу тез, ийкемдүү жана мобилдүү болушу керек”
Максим Каганер и Алмаз Усенов, преследующие интересы Бакиева посредством ресурса Gezitter.org будут вести однобокую политику?
Оказывается, Салижана Шарипова, предал бывший президент
Издөө
Автордук макалалар
  •   Шайырбек Абдырахман: "Саясий куугунтук болуп жатат" -деп элге жар салаардан мурун "көчүк" жагыңарды бир кылчайып карап алсаңар боло!”
  •   Нургазы Мусаев: "ТЭЦ боюнча контрабандист, базарком, жарым криминал депутаттар түшүнбөй эле калчылдап жатышат"
  •   Бейшенбек Бекешов: «Аны Сапарчик, сары, бала, балашка деп теңсинбегендер бери эле дегенде абдан жаңылышат»
  •   Эльмира Мадиева, журналист: «Чоң атам эки жолу катуу жарадар болуп, үчүнчүсүндө сол колунан ажыраган экен»
  •   Эрнис Кыязов, атамбаевчил журналист Ложниковго жооп берди: “Интеллигенция неге унчукпайт ыя, Димике?..”
  •   Адилет Айтикеев: “Таластыктар четте калды дегенин окуп зээним кейиди, качан жердешчилдиктен көтөрүлөбүз туугандар?”
  • » » Бейшенбек Бекешов: «Аны Сапарчик, сары, бала, балашка деп теңсинбегендер бери эле дегенде абдан жаңылышат»

    Бейшенбек Бекешов: «Аны Сапарчик, сары, бала, балашка деп теңсинбегендер бери эле дегенде абдан жаңылышат»

    16 май 2018, 08:42    bishkek
    0 комментарий    1 679
    «САПАР АШАНЫН “АЛТЫН КАДРЫ”
    Аны Сапарчик, сары, бала, балашка деп теңсинбегендер бери эле дегенде абдан жаңылышат. Бекер киши таз болбогондой эле сарынын баары Сапар болбойт. Сапар издеп тапкан жана ишке ашыра билген долбоорлор башкалардын түшүнө да кирбейт. Башкалар сөздү сүйлөп жатканда мындай суперкадрлар ишти гана жасайт. Болгондо да баарын басып өтөөр, атаандаштын баарын тыптыйпыл кылып тепсеп салаар ишти. Ээсинин ниет-куюн илгиртпей түшүнүп, асмандан тилегенин жерден даяр кылып турган андай “алтын кадрларды” кайсы кожоюн кимге алмаштырат эле!? Болбосо Датка-Кемин чубалгысы же ЖЭБди жаңыртуу сыяктуу уурунун уурусу мындай турсун, каракчынын каракчысы суктанаар долбоорлор “алтын кадрлардын” оюна келбесе, катардагы пенденин башына сыябы?! Алардын канча акча турарын, ал кимден алынып, канчасы ишке, канчасы кимге кетээрин учурунда ким билип, ким укту эле? Арамы авария менен курсагын жарып чыкпаганда, балким, эч ким эч нерсе билбей калмак. Кайран эл кантип кимден кош бойлуу болуп калганын билбей, теңселип турмак. Арам перзенттердин аталары “алтын кадрлар” экенин го билдик. Эми төрөтү кантээр экен деп жиндеп турган чагыбыз. 

    Булар “алтын” кадрлардын отчеттуу иштердеги ишмердиги. Толгон мекендештерибизди набыт кылып, Дача-Суу айлына кыйрап түшкөн жүк сыяктуу отчетсуз иштери канча экенин ким билди? Шериктештик өлкөлөрүнүн экономикасындагы “кыргыз тешиги” баарынын чарбасын бүлүнтүп жатканы тууралуу Лукашенконун билдирүүсүнө караганда мунун көлөмү эбегейсиз зор. Дүйнөдө сойку өлкө атыгуудан өткөн кордук барбы?

    “Алтын кадрлардын” баасы биздин бийлик эгелери үчүн эгемендүүлүк алгандан бери өтө жогору. Аскар Акаев башында андайды кыргыздан таппай эл аралык шылуундардан жалдаган. Кийинчерээк ошол деңгээлге өсүп жеткен аппарат башчысы анын каалаган элдин баары эркин кирип-чыгып турган эшигин биротоло жаап, акаевдик бийликтин ирип-чирүү дооруна негиз салган. Курманбек Бакиевдин андай кадры болсо раматылык болуп кетти, арбагын козгоп сөз кылбай эле коёлу.
    Кыскасы, “алтын кадрлар” бийлик ээсинин чыныгы жүзү, керек болсо өзү. Ошондуктан алар, Текебаевдин сөзү менен айтканда, алар үчүн өз баласынан да артык көрүнөт. Ошондуктан, аты-жытын эч ким билбеген кимдир бирөө элдин ырыскысын тейлөөчү кызматка татыксыз барып калганын көрсөңөр эч талашсыз эле “алтын кадр” механизми иштеди деп эсептей бергиле.

    Бейшенбек Бекешовскачать dle 12.0
    Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив