УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын бажы системасындагы коррупция иштерине байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, мыйзамсыз баюу фактысы боюнча КР ЭФМ алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Айтмаматов Н.П. кармалды.
Чогулган материалдардын негизинде, КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси (Мыйзамсыз баюу) каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
Такталгандай, Н.Айтмаматов өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, Түштүк-Батыш бажысындагы товарларды туура эмес декларациялоо үчүн коррупциялык схемаларды, товарлардын «жалган транзити» ж.б. уюштуруп, натыйжада ири өлчөмдө көмүскө киреше алып турган.
Н.Айтмаматов мыйзамсыз алынган материалдык көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө ээлик кылат. Болжол менен 4,5 миллион АКШ долларына бааланган 30дан ашык элиталык батирлер, 1 млн. АКШ долларга бааланган 10дон ашык унаа каражаттары.
Көмүскө кирешенин бир бөлүгүн «К.С.И.» жана «Р.К.» курулуш компания аркылуу мыйзамдаштырылып, бирок негизги акциялары Н.Айтмаматовго таандык болгон.
2021-жылдын 10-июнунда Н. Айтмаматов КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренеси негизинде кармалып КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иштери жүрүп жатат.