Мурда маалымдалгандай, ведомстволор аралык тергөө тобу «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун ар кандай баскычтарында коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү улантууда.
Тергөө иш-аракеттеринин натыйжалары боюнча жана сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 9-июнунда КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) боюнча каралган кылмыш белгилеринин негизинде Президент А.Атамбаевдин Жогорку Кеңештеги мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Нарымбаев, ошондой эле өлкө парламентинин экс-депутаты А.Батырбековдорго кылмышка шектүү жөнүндө билдирүү берилген.
Ошол эле күнү Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту аталган адамдарга карата тергөө аяктаганга чейин камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралды.
Ошондой эле, аталган кылмышка шектүү деген билдирүү Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Молдошевага жиберилди. Бирок анын үй-бүлөлүк абалын жана жашы жете элек балдары бар экендигин эске алуу менен, ага чет жака чыкпоо жөнүндө тил кат түрүндө баш коргоо чарасы тандалды.