«Кумтөр Голд Компани» ишканасында жашыруун ишеним телефону ачылат

Мындай маалыматты «Центерра» компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү, «Кумтөр Голд Компани» ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүк маалымдады.

“Мага компаниянын же болбосо айрым кызматкерлердин ар кайсы аракеттерине көптөгөн нааразычылыктар түшүп жатат.
Ошондуктан «Кумтөр Голд Компани» ишканасында жашыруун ишеним телефону ачылат, ага компаниянын кызматкерлери, өнөктөштөрү, жеткирүүчүлөрү жана башка жактар мүмкүн болгон бардык бузуулар тууралуу билдирүү үчүн кайрыла алышат. Бул кызмат үчүнчү жак тарабынан башкарылышы мүмкүн.

Ишеним телефон байланышы 24 саат, 7 күн бою жеткиликтүү болот. Бул линия ачылганда, бул жөнүндө толук маалыматты өзүнчө жарыялайбыз.

Ишеним телефону коррупция маселелери боюнча билдирүүлөрдү кабыл алуу үчүн жана жалпысынан адилеттүүлүк принциптерине ылайык келбеген жана бузууга байланыштуу болгон ар кандай жагдай жөнүндө колдонулушу мүмкүн. Мындай билдирүүлөр менен иштегенде купуялуулук сакталат. Көйгөйлөр тууралуу маалымдаган адамдардын укуктарын коргоосуна кепилдик беребиз. Келген чалуулар да жашыруун болушу мүмкүн. Бирок, муну менен бирге, жалган же адаштыруучу маалыматты атайылап берүүгө жол берилбейт»-дейт ал.