Кыргызстандын туңгуч президенти Акаев өлкөгө башчы болуп шайланганы чу дегенде Кумтөрдү чет өлкөлүктөрдө кармата салган. Албетте, ал бул үчүн алардан болуп көрбөгөндөй чоң суммадагы акчалай ыраазычылык алган. Жалгыз эмес, жанында жандаган жан-жөкөрлөрү менен жасаганы жашыруун эмес. Көрсө биз ошондо эле эрге кыйшык отурган экенбиз. 30 жылдан бери 5 ирет бийлик алмашып, 6 ирет парламент жаңыланды. Алтын менен күмүштү күпүлдөтө казып, акчага көмүлгөн чет элдик ишкерлер биздин кендин даамын татып алып, кыргыз тарап кайра өздөрүнө өткөрүп албасынын айласын издеп ар бир келген өлкө башчы,өкмөт башчы ал тургай депутаттарга чейин 50 млндон 150 млн долларга чейин пара берип турушкан. Албетте бул сумма алар үчүн эч канча эмес акча болчу. Себеби алар биздин жерибизди казып, мөңгүлөрүбүздү ээритип, эгин суугарган агын сууларыбызга иштетилген адамга өтө зыяндуу калдыктарды куюп каалаганын кылышканына карабай алтын-күмүштү тонналап казып,чет жака сатып болуп көрбөгөндөй акча таап турушкан. Кыңк этип баш көтөргөн жандын оозун американын жашыл долларлары менен басып койгон. Ал тургай ишкананын кара жумуштарында иштеген жергиликтүү тургундардын арасынан кызмат учурунда кокустуктан улам каза тапкандардын убалынан коркпостон акча менен жакындарынын оозун жап кылып отурган. Адам өмүрү кыйылганына карабай бир ирет да кылмыш иши ачылбаганы буга далил.
Айтор 30 жылдан бери бизди болушунча тоноп, урпагыбызга чейин жете турган кен-байлыгызды ташып бүткөнү аз келгенсип, акчаны көргөндө атасын сатууга даяр болгон эл башчыларыбызды акчага сатып алып, кыргыз элинин аброюна шек келтиришти. Экологиябызды булгап, эчен жылдык суу запасыбызды жок кылышты. Ушунун баарын оз көзү менен көрүп-билип туруп акча алып,ооз ача албай келген чоңдорубузга наалат. Ошолорду башкарып туруп, жемкорлордун башчысы болуп миллиондорду алган президенттерди элдин кусуру урсун.
Азыркы президент Садыр Жапаров 2012-жылдан бери Кумтөрдөгү мыйзам бузууларды айтып зар какшап келген маалым. Чет элдиктердин акчасына тойгон ошол кездеги мамлекет башчылар бул инсандын оозун жабыш үчүн акча сунуштап да, айласы кеткенде камап да көрүштү. Кыргызга күйгөн уул бар экен, минтип ажо болуп шайланып алтын кенди өзүбүзгө кайтарып алуу канчалык опурталдуу болгонуна карабай, бир кезде баштаган ишин улантып,айткан сөзүнө туруп чоң ишке киришти. Бул процесс канчалык оор жана опурталдуу болгонуна карабай, өзүбүзгө өткөрүп алсак эгемендүүлүк алган 30 жылдагы жасаган эн бир чоң утушубуз болмок. Келечек урпактарыбызга калтыра турган чоң камылгабыз болмок