«Кумтөр Голд Компани» кызматкерлеринин бирдиктүү өкүлчүлүктүү органынын төрагасы Рамис Мамбеталиев «Центерра Голд Инк» компаниясынын Президентине жана Аткаруучу директору Скотт Перриге ачык кайрылуу жолдоптур.
Анда Рамис Мамбеталиев учурда Кумтөр Голд Компани ЖАКтын эмгек жамаатынын кызыкчылыктарын козгогон маселе боюнча жазган. Centerroy Gold Inc. 2021-жылдын май айынын ортосунан баштап кызматкерлердин эмгек акы төлөөсү кечеңдеп, эс алууга, эмгек өргүүсүнө чыгуусуна баардык документтердин маалымат базасынан өчүрүлуп кетиши тоскоолдук жаратканын айткан.
Компанияда эмгектенген кызматкерлердин мурдагы жана азыркы иштеп жаткан документтери жана маалыматтары толугу менен өчүрүлүп салгандыктан бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ал жерде иштеген кызматкерлердин укугун бузгандык болуп саналаары айтылган.
Кумтөрдө иштеген бир да кызматкердин укуктары жана кызыкчылыктары бузулбашы керек эле. 2021-2022-жылга карата кызматкерлердин келишимдери, ал жердеги жумушчулардын эмгек милдеттери улантылышы керек жана Кумтөр үзгүлтүксуз иштей бериши керек эле. Бирок, тилекке каршы ал жактагы баардык программаларды, архивдик документтерди канадалык компаниянын жетекчилери өчүрүп кетишкен.
Кумтөрдөгү ар кандай чыр ал жерде иштеген кызматкерлерге жолтоо болбой, иш уланып, жумушчулар өз убагында эмгек маяналарын алышы керек болчу. Алардын иштөө артыкчылыгына жараша сыйлык алышы керек. Ушуга байланыштуу ал жердеги маалымат базаларын кайтарып берүүсүн суранып, кайрылуу жасаган экен.
«Эки тараптын ортосунда келип чыккан бардык келишпестиктер конструктивдүү жана мыйзамдуу жол менен чечилет деп үмүттөнөбүз жана күтөбүз. Биз, КГКнын кызматкерлери, биздин Компания, жумушубуз, келечегибиз жана үй-бүлөбүздүн келечеги үчүн тынчсызданабыз. КГКнын кызматкерлеринин кызыкчылыгы үчүн, КГКнын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөө боюнча маалымат базаларына кирүү мүмкүнчүлүгүн кайтарып берет деп ишенебиз деп жазган».
Эскерте кетсек, Кумтөрдө Өкмөттүн атайын комиссиясы иликтей баштаганда эле ал жактагы кызматкерлердин эмгек акылары жана алар тууралуу баардык маалымат базасы, отчеттордун баардыгы атайын өчүрүп салганы айтылган.
Канадалык компаниянын жетекчилери Кыргызстанды таштап, мекенине кайтып кетишти. Бирок, Кумтөрдө иш токтобой уланып жатат. Ушундан улам канадалыктар кол алдында 25 жылдан ашуун убакыт бою иштеген кызматкерлер тууралуу маалымат базасын өчүргөнү, жаратылышыбызга эбегейсиз зор зыян келтиргени, мамлекетке тиешелүү пайданы бербей, орто жолдон бир нече саясатчыларды сатып алганынан ал Кыргызстанга душмандай мамиле кылганын билсе болот.
Бул ишке деле чекит койчу мезгил жетет. Кыргызстан тарап утабы, же канадалык компания утабы аны убакыт көрсөтөт. Бирок, жакшылыгынан жамандыгы көп мындай инвесторлордун барынан жогу жакшы эмеспи.