Кайра шайлоонун канчалык зарылчылыгы бар?

Айрым күчтөр жеке кызыкчылыктарын ойлоп, элдин пикирин эске алгылары келбейт турат. Ошентсе дагы биз жарандар өзүбүздүн пикирибизди билдирүүгө милдеттүүбүз. Бишкек шаардык кеңешине шайлоо демейдегиден кызыктуу, кызуу өткөндүгүн элдин бары көрдү. Мурдагыларга салыштырмалуу таза өттү десек да болот.. Бирок, шайлоочуларынын тиешелүү добушуна ээ болбойт калган бир, эки саясий топ чуулдап атып, шайлоону кайра өткөрүү талабын коюп чыгышты. Бул эми акылга сыйбаган нерсе.

Шайлоо бузулбашы керек. Эмне үчүн дегенде, биринчиден, шаардык кеңешке шайлоого катышкан бардык партиялар 10дон ашык мандат деле алышкан жок. Башкача айтканда, добуштар тең чачырады. 2012-жылы бийликчил КСДП партиясы 21 мандат алгандыгын эске алсак, анда бул жолу 10 мандат алган Эмгек, 9 мандат алган Ак бата, 8 мандат алган НДПК, 7 мандат алган Ата Журт, 6 мандат алган Ынтымак, 5 мандат алган Биздин эл партиялары шайлоонун кандай өткөнүн далилдеп турат.

Кайрадан шайлоо өткөрүүгө эл деле, шайлоочулар деле кызыкдар эмес. Анткени, ковид кайрадан күчөп, элди чогултуу, шайлоо өткөрүү деле кооптуу. Эл жазгы талаа иштери, кышка кам көрүү менен алек. Болгону айрым бир партия лидерлеринин асман чапчыган амбициясы тыйылбай, шайлоочулардын шайын эске албай, коомчулукту адаштыруу менен убара. Эңшерилип турган экономикабыздын абалы деле белгилүү.

Жеке күчтөрдүн интригасы, мэрликти самаган адамдардын ач көздүк саясатынын натыйжасы кайда алып барары азырынча белгисиз. Болгону, эл шайлоодон тажады жана шаарга тынч жашоо керек. Былтыр ушундай маалда вирус күчөп, эл алапайын таппай калган. Быйыл дагы ушул мезгил кооптуу болуп турат. Андыктан БШК кайра шайлоо өткөрүүнү токтотуп эле, өткөн 11-апрелдеги шайлоонун жыйынтыгын эле калтырышы зарыл. Амбициясын тыя албаган жеке адамдарды каалоосу БШКга таасир этпеши керек.

Бишкек шаардык кенештин шайлоо Жогорку Кенештин шайлоосунан кем калган жок. Чыгымы асманды чапчыды. Партиялар акчаларын ченебей чачышты. Акыры бири- бирин шыбап, атаандашып атып шайлоо жыйынтыгы жокко чыкты. Эми кайра шайлоо откоруу учун каалайбызбы- каалабайбызбы бюджеттен акча кетет. Ансыз да кризис белчеден орун алган олкодо кайра- кайра шайлоо откоруу бизге биринчиден аброй, экинчиден пайда алып келбейт. Андыктан кайра шайлоо откоруу биз учун эмес.

Эксперттер шайлоо өнөктүгүнө кеткен чыгымдарга эмне салсак же кылсак болот эле деп эсептешкен. Мисалы, Кыргызстандагы онкологиялык оорудан жабыркагандарды дарылоочу жабдык сатып алуу үчүн акча чогултулган. Анын баасы 3,5 миллион доллар турат. Өлкө боюнча мындай жабдыктардын 20сы керек. Ошентип талапкерлер менен алардын тарапташтары короткон акчага эки жабдык сатып алууга болмок. Бишкекте Тез жардам кызматынын автоунаалары тартыш экени бардыгына эле белгилүү болсо керек. Учурда алардын карамагында болгону 38 гана машина бар. Талапкерлердин үгүт жараянына короткон акчага 235 жаңы машина же 47 реанимобиль келмек. Шаардагы жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн кытай өндүрүшүнөн чыккан 176 автобус сатып алсак болмок. Бир автобустун баасы 40 миң долларга бааланат.

Класска батпай, бир партада үчтөн отурган окуучулар бар. Бул дагы чечилбей жаткан чоң көйгөйлөрдүн бири. Курулуш компаниясынан билдиришкендей, 500 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушуна 120 миллион сом коройт. Башкача айтканда, талапкерлердин короткон акчасына үч мектеп же алты бала бакчасын курууга болмок.

Улуттук статистика комитетинин билдиришинче өлкө боюнча орточо айлык акы 14 миң 801 сомду түзөт. Эгер талапкерлердин короткон акчасын бөлө келгенде 32 миң 672 кызматкердин маянасы чыкмак.

Болочок үй-бүлө үчүн Кыргызстанда 150 кишиге ылайыкташкан орточо тойго 678 миң 800 сом кетет. Талапкерлердин короткон акчасы 712 түгөйдүн тоюна жетмек. Андыктан акчаны шайлоо учурунда онду- солду чача бербей, коомчулукка жогорудагыдай пайдалуу иштерди жасай беришсе эл оздору татыктуу деп шайлап алышмак. Эми азыр кайра шайлоо болгондо деле окуялар кайта кайталанат. Жети олчоп бир кесип, шайлоонун жыйынтыгын мурункудай калтыруу зарыл.