“Акыркы мезгилге чейин өлкөнү башкарып келген саясий күчтөр «Центерранын» менеджерлерине, алардын чечимдерине, иштерине Кыргызстанды экономикалык толук көз каранды абалга коюш үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрүшкөн. Экономикалык көз карандык кандайдыр бир деңгээлде саясий да көз карандылык деңгээлге чыккан”, — деп билдирди Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештеги кезексиз жыйында.
Ал белгилегендей, Кумтөргө тийиштүү миңдеген документтерди талдап отуруп, Мамлекеттик комиссия өткөн 27 жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын президенттери жана өкмөттөрү мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын коргоого илең-салаң, көңүл кош мамиле кылган, «Камеко» корпорациясы жана «Центерра» компаниясы менен түзүлгөн бүт баардык макулдашуулардын, келишимдердин шарттары Кыргызстан үчүн таптакыр пайдасыз, атүгүл зыяндуу болгон, мамлекет жана өкмөт жетекчилеринин иш-аракеттеринде мамлекетке чыккынчылык кылуунун белгилери бар, ал иш-аракеттерге укуктук баа берилиш керек деген жыйынтыкка келди.